
2023-жылдын 21-июлунда, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылында Тоң жана Жети-Өгүз районун дыйкан, фермелерине жана жер адистерине, ошондой эле айыл өкмөт башчыларына асылдуулугу төмөн жерлерди өздөштүрүүгө берүү шарттары, тартиби жана айыл чарба жерлерин сугаруунун жаңы ыкмалары тууралуу окуу семинар өттү.


