Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Токтогул суу сактагычынын акваториясынын тилкелерин садокторду орнотуу боюнча сынактын жыйынтыгы чыкты – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Токтогул суу сактагычынын акваториясынын тилкелерин садокторду орнотуу боюнча сынактын жыйынтыгы чыкты

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасындагы табигый жана жасалма көлмөлөрдү балык чарбалык өздөштүрүү жана пайдалануу жөнүндө” 07.09.2009ж. №561  токтомуна ылайык (КРнын Өкмөтүнүн 19.02.2019 ж. №67 токтомунун редакциясы),Токтогул суу сактагычынын акваториясынын тилкелерин садокторду орнотуу жана садоктук балык   чарбаларын уюштуруу үчүн пайдаланууга берүү боюнча сынак жарыяланган.

Сынакка Токтогул суу сактагычынын акваториясынан 5 суу тилкеси коюлуп, анын ичинен 3 суу тилкесине арыздар түшкөн. Жалпысынан 13 юридикалык жана жеке жактар сынакка катышуу үчүн арыздарын жана документтерин тапшырышты. Критерийлердин жана баалоонун негизинде, эң жогорку упай алган төмөнкү катышуучулар сынактын жеңүүчүлөрү болуп эсептелди:

1.  Лот 500-1-1   – Катышуучу 3, (“Элнур Дан” ЖЧКсы) упайлардын саны 1118;

2.  Лот 500-2-1   – Катышуучу 3, (“Таза балык” ЖЧКсы) упайлардын саны 1075;

3.  Лот 500-2-2   – Катышуучу 1, (“Балык-чарба” ЖЧКсы) упайлардын саны 1053.

Show More
Back to top button