Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Мөмө-жемиш кластерин өнүктүрүү боюнча стратегиялык план иштелип чыкты – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Мөмө-жемиш кластерин өнүктүрүү боюнча стратегиялык план иштелип чыкты

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги Корея эл аралык кызматташуу боюнча агенттиги (KOICA) менен биргеликте мөмө-жемиш кластерин өнүктүрүү боюнча стратегиялык план иштеп чыкты.

Мөмө-жемиш кластерин өнүктүрүүнүн негизги концепциясы мөмө-жемиш тармагынын нарк чынжырчасынын негизги түзүүчүлөрүнүн, анын ичинде фермерлердин жана кайра иштетүүчү ишканалар жана анын көмөкчү компоненттеринин, анын ичинде илимий-изилдөө жана мамлекеттик мекемелердин ортосундагы өз ара байланышты бекемдөөдө турат.

Мындайча айтканда, мөмө-жемиш кластерин өнүктүрүү стратегиясы жемиштерди өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу процессине катышкандар жана органикалык түрдө система аркылуу байланышкан концепцияны камтыйт.

Биринчи 5 жылдын планы Ош жана Баткен облустарында пилоттук долбоорлорду ишке ашыруунун эсебинен мөмө-жемиш кластерин илгерилетүү жана анын потенциалын бекемдөө болуп саналат.

Ал эми узак мөөнөттүү максат пилоттук долбоорлорду Чүй, Жалал-Абад, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарына жайылтуу.

Кыргызстан ыңгайлуу климаттык шарттардан жана коңшу өлкөлөрдөгү туруктуу суроо-талаптан улам дээрлик бардык региондордо мөмө-жемиштерди өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү үчүн олуттуу потенциалга ээ. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги мөмө-жемиш өнөр жайын өнүктүрүүгө багытталган бир катар чараларды иштеп чыгып жана ишке ашырып жатат.

Show More
Back to top button