Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Үрөндөрдү залалсыздандыруу (фумигация ) иштеринин жүрүшү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Үрөндөрдү залалсыздандыруу (фумигация ) иштеринин жүрүшү

Республика боюнча 3099,7 тонна (анын 762,9 тоннасы матрезервдин кампасында) үрөндү залалсыздандыруу (фумигация) керек болсо, 2023-жылдын 10-июлуна карата 2017,9 тонна, же 65,1 %ы аткарылды, анын ичинен чарбакер субъектилер тарабынан 924,4 тонна, Департамент тарабынан 1093,5 тонна үрөн залалсыздандыруудан өттү, залалсыздандыруу жүргүзүлө элек үрөн – 1134,0 тонна (мындан 752,9 тоннасы Матрезерв, 381 тоннасы чарбалар).

Облустар боюнча:

– Баткен облусу боюнча жалпы 72,5 тонна, же 100,0% үрөн залалсыздандырылды,

– Жалал-Абад облусу боюнча 458,015 тонна же 100,0% үрөн залалсыздандырылды,

– Нарын облусу боюнча жалпы 192,2 тонна же 100,0% үрөн залалсыздандырылды,

– Ош облусу боюнча 669,05 тонна үрөн фумигациядан өтүүсү керек болсо, 563,4 тонна, же 84,2% өттү, мындан чарбалар эсебинен 533,4 тонна, Департамент тарабынан 30 тонна үрөн фумигация жасалды, фумигациядан өтө элек үрөн – 105,7 тонна болууда;

– Талас облусу боюнча 142,7 тонна үрөн фумигациядан өтүүсү керек болсо, бүгүнкү күндө 40 тонна, же 28,0% фумигациядан өтө элек үрөн – 102,7 тонна болууда;

– Чүй облусунда жалпы 484,4 тонна үрөн фумигациядан өтүүсү керек болсо, 311,7 тонна, же 64,3% жасалды, мындан Департамент тарабынан 266,7 тонна, РАӨБдөр тарабынан 45 тонна үрөн фумигациядан өттү, фумигациядан өтө элек үрөн – 172,7  тонна;

– Ысык-Көл облусу боюнча 379,901 тонна үрөн фумигациядан өттү, же 100% жасалды.  

2023-жылдын 3-июлуннан бери бүгүнкү күнгө чейин аткарылган иштер:

– Ысык Көл облусу толук аяктады,

-Ош облусу боюнча Кара-Суу районунун Таширов, КОСХ, Агродан үрөн чарбалары 116,2 тоннаны фумигация жасашты. Кара-Суу району боюнча дагы 105.7 тонна калды.

-Талас облусу боюнча Манас районунун Мамбетжан ата үрөн чарбасы 40 тонна фумигация жасады. Талас облусу боюнча 102,7 тонна калды. -Чүй облусу боюнча Москва (68,2 тонна)  жана Кемин (69,5 тонна) 12-июлга чейин жасоонун үстүндө иштер жүрүп жатат. Чүй облусу боюнча 172,7 тонна калды.

Show More
Back to top button