“Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун жарлыгына ылайык, жайыттарды жакшыртуу максатында 2023-жылдын 26-апрелиндеги №202-т сандуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемеси чыккан.
Республика боюнча кунарсыз жайыттарды жакшыртуу максатында Россия Федерациясынан 99,5 тонна жайыт үрөнү сатып алынды. Анын ичинен 94 тонна 490 кг жайыт үрөнү жалпысынан 10 000 гектар аянтка себүү үчүн облустарга бөлүнүп берилет.
Ал эми жайыт үрөндөрүн өзүбүздө өндүрүү үчүн 5, 010 кг жайыт үрөнү үрөңчүлүк чарбаларга бөлүнүп берилет.
Россия Федерациясынан жайыт үрөнүн төмөнкү 6 сорту сатып алынды:
-Тимофеевка (кара кыяк),
-Кострец (буудайык),
-Ежа сборная (ак-сокто),
-Райграс, Овсянница (бетеге),
-Житняк
Жайыт чөптөрүнүн үрөндөрүн жер жерлерде бөлүштүрүүдө жооптуу адистер бекитилип, үрөндөрдү жер-жерлерде таратуу айыл аймактык башкармалыктар, жайыт комитеттерине себүү боюнча окутууларды өткөрүү Кыргыз мал чарба жана жайыт илим изилдөө институту менен биргеликте жүргүзүлөт.
Жайыт чөптөрүнүн үрөнчүлүгүн өнүктүрүү максатында 2022-жылдын жазында тажрыйба үрөнчүлүк чарбасынын жерлеринде, 30 гектар аянтында, Россия Федерациясынан (Ставрополь Айыл чарба илимий-изилдөө институту). алынган үрөн 20 кг/га себүү нормасы менен вегур сортунун үрөнү себилип, 2023-жылдын 5-июлунда кылкансыз кызыл оттун уруктарын жыйноо башталды. Жашыл масса оор жана көлөмдүү болгондуктан атайын комбайын менен чогултулду. 2023-жылы алынган үрөндү жайыттарды жакшыртуу жана институттун тажрыйба чарбаларында үрөнчүлүктү андан ары кеңейтүү үчүн пайдалануу пландалууда.
Көп жылдык эң баалуу тоют чөптөрүнүн бири – калкынсыз кызыл от (Bromus inermis L) бул жогорку түшүмдүү, сырткы көрүнүшү жогору, тоюттуулугу жакшы жана кышка чыдамдуу өсүмдүк. Чөптү малдын бардык түрү жейт жана жайыттарды жакшыртуу үчүн колдонулган негизги чөптөрдүн бири. Чөптү бардык жайыттардын түрүнө өстүрүү сунушталат. Бул өсүмдүк 15 жылга чейин түшүм берет, максималдуу түшүмдү биринчи 4-5 жыл аралыгында берет. Чанактуулар (беде жана эспарцет) менен себүүгө ылайыктуу.
Бирок бүгүнкү күндө үрөнчүлүк аянттардын саны жетишсиз. Республикада үрөндүк айдоолорду кеңейтүү үчүн башка жайыт чөптөрүнүн үрөн участокторун (житняк, бетеге, кара чөп) кошумча салуу керек.
Тилеке каршы, бүгүнкү күндө эгилген жердин көлөмү жана ал өсүмдүктөрдөн алынган үрөн өтө эле жетишсиз. Үрөнчүлүктү кеңейтүү үчүн 300 гектар аянтка кылкандуу жайыт чөптөрүнүн (буудай, бетеге, кара чөп, короз, жээксиз) үрөн участокторуна кошумча себүү зарыл.