Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Тоң балык өстүрүүчү заводдун көлмөлөрүнө 1 миллион даана карп-сазандын личинкалары коё берилди – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Тоң балык өстүрүүчү заводдун көлмөлөрүнө 1 миллион даана карп-сазандын личинкалары коё берилди

Балык чарба департаменти КР УИА Биология институту менен биргеликте карп-сазанды жасалма жол менен көбөйтүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү максатында Борбордук Азиянын жана Кавказдын балык чарбасы жана аквакультурасы боюнча аймактык комиссиянын иш программасынын алкагында (САС Fish) Кыргызстандын Ысык-Көл көлүндө моделдик изилдөөдө негизделген «Балык чарбасын башкаруу планын иштеп чыгуу жана жайыттык балык чарбасын өнүктүрүүгө биоэкономикалык мамилелери» боюнча макулдашуунун негизинде карптардын личинкаларын алуу жана аларды жашоого жарамдуу абалга келтирүү үчүн көлмөлөргө көчүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө.Бүгүнкү күндө Тоң балык өстүрүүчү заводдун көлмөлөрүнө комиссия менен 1 миллион даана карп-сазандын личинкалары кое берилди. Личинкалар ал жакта  2-3 айга чейин кармалат. Андан кийин  жашоого жарамдуу чабактар Ысык-Көлдүн балык уулоочу тилкелерине  коё берилет.Ушундай эле иш-чараларды департамент КР УИА Биология институтунун кызматкерлери менен бирдикте «Ысык-Көл плюс» балык чарба айыл чарба кооперативинин көлмөлөрүндө жана «Каракол балыгы» көлмөлөрүндө жүргүзүп келет.

Show More
Back to top button