Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Карантинге алынуучу продукциянын импорту – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Карантинге алынуучу продукциянын импорту

2023-жылдын 23-29-июнуна карата карантинге алынуучу продукциянын импорту 18 миң 143 тоннаны түздү.

1. Чүй облусуна 9 миң 697 тонна айыл чарба продукциялары импорттолуп келген жана импорттолуп келген продукцияларга 127 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл актысы түзүлгөн. Башка продукцияларга салыштырмалуу Чүй облусунан жаңгактар  2321 тонна Кытай, Иран, Вьетнам өлкөлөрүнөн импорттолуп келген.

2. Ошоблусуна 3 миң 777,7 тонна айыл чарба продукциялары импорттолуп келген жана импорттолуп келген продукцияларга 381 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл актысы жазылган. Башка продукцияларга салыштырмалуу Ош облусуна жашылчалар 1088 тонна Өзбекстан, Түркменистан өлкөлөрүнөн импорттолуп келген, ошондой эле дарбыз 456 тонна, коон 159 тонна Өзбекстан өлкөсүнөн импорттолуп келген.

3. Баткен облусуна 2 миң 014 тонна айыл чарба продукциялар импорттолуп келген жана импорттолуп келген продукцияларга 119 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл акстысы жазылган. Башка продукцияларга салыштырмалуу мөмө-жемиштер 1142 тонна Өзбекстан өлкөсүнөн импорттолуп келген.

4. Нарын облусуна 1094,7 тонна айыл чарба продукциялары импорттолуп келген жана импорттолуп келген продукцияларга 46 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл акстысы жазылган. Башка продукцияларга салыштырмалуу жаңгактар 718 тонна Кытай өлкөсүнөн импорттолуп келген.

5. Жалал-Абад облусуна  1 миң 049,3 тонна айыл чарба продукциялар импорттолуп келген жана импорттолуп келген продукцияларга 17 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл акстысы жазылган. Ушул жумада Жалал-Абад облусуна, башка продукцияларга салыштырмалуу, ун 340 тонна Казакстан өлкөсүнөн импорттолуп келген.

6. Талас облусуна 510 тонна айыл чарба продукциялары импорттолуп келген жана импорттолуп келген продукцияларга 11 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл акстысы жазылган. Талас облусуна ун 460 тонна Казакстан өлкөсүнөн импорттолуп келген.

Show More
Back to top button