Маалымат
[toggle title=”План работы министерства” state=”close”]
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба Министрлигинин 2022-жылга иш планы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы N 83 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жөнүндө жобонун 15-пунктунун 3.2-пунктчасына,. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министрлигинин 2021-жылдын 31-мартындагы № 94 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министрлигинин коллегиясы жөнүндө жобонун 3-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2022-жылга иш планынын долбоору (мындан ары – План) иштелип чыккан.
Бул Пландын долбоору 2022-жылдын 4-февралында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин коллегиясынын отурумунда каралып, бекитилген.
Планда Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн 20 негизги артыкчылыктуу багыттары каралган, анын ичинде иш-аракеттердин укуктук -ченемдик- жана стратегиялык мүнөздөгү маселелери, мамлекеттик колдоо, макроэкономика, өсүмдүк өстүрүүчүлүк, мал чарбачылыгы, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы, азык-түлүк коопсуздугу, айыл чарба продукциясын экспорттоо жана импорттоо, алдыңкы прогрессивдүү, инновациялык технологияларды киргизүү.
Ошондой эле Планда, ирригация жана мелиорация, жерге жайгаштыруу, токой чарбачылыгы, жер-суу көзөмөлү, ветеринария, механикалаштыруу, өсүмдүктөрдү экспертизалоо, органикалык айыл чарбасы, химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин, санариптештирүү тармактарында мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү каралган.
План, эгерде максаттар ишке ашса, белгилүү индикативдик көрсөткүчтөрү жана натыйжалары бар 24 тапшырмадан жана 149 иш-чарадан турат.
Бул Планды ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 27 түзүмдүк бөлүмдөрү, анын ичинде Борбордук аппараттын 14 түзүмдүк бөлүмдөрү, 13 ведомстволук уюмдары тартылган.
Мындан тышкары, планды ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети жана Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү катышат.
Планда каралган милдеттерди жана иш-чараларды талаптагыдай аткаруу төмөнкүлөргө алып келет:
-Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроөнөржай жаатындагы ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү;
-айыл чарбасынын айрым тармактарын мындан ары өнүктүрүү боюнча стратегиялык документтерди жакшыртуу аркылуу агроөнөр жай комплексин мамлекеттик колдоо процесстерин жөнгө салуу;
– айыл чарбасынын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын дүң продукциясын өндүрүүнү, айыл чарба өсүмдүктөрүн, мал чарбачылыгын, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын көбөйтүү боюнча чараларды уюштуруу аркылуу камсыз кылуу;
-ички өндүрүш (сүт, картошка, жашылча) жана импорт аркылуу (дан, эт, кант, өсүмдүк майы, мөмө-жемиш, жумуртка) негизги социалдык маанилүү азык-түлүк товарларынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу;
– айыл чарба продукциясын сертификациялоо жана логистика боюнча инфраструктураны туура уюштуруу аркылуу экспортту көбөйтүү;
– алдынкы прогрессивдүү новатордук технологияны айыл чарба өндүрүшүнө киргизүү.
Калкты турмуш-тиричилик жактан тейлөө боюнча чараларды туура уюштуруу, айыл чарба продукциясын өндүрүүдө көрсөткүчтөрдүн жогорулашына жана анын мындан ары оң натыйжалуулугуна алып келет.
2022-жылдын ичинде Пландын аткарылышына квартал сайын мониторинг жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин коллегиясында каралып турат.
[/toggle]
Документтер
[toggle title=”Документы” state=”close”]
[/toggle]