Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
«Айыл чарбасын каржылоо-10» долбоору жөнүндө маалымат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

«Айыл чарбасын каржылоо-10» долбоору жөнүндө маалымат

“Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоорунун максаты 2022-жылы айыл чарбасынын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү үчүн жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо аркылуу мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – 60 ай.

Каржылоо булактары тиешелүү жылдар үчүн республикалык бюджеттин жана коммерциялык банктардын каражаттары болуп эсептелет.

Долбоорго катышкан коммерциялык банктардын чыгымдарын жабуу үчүн республикалык бюджеттен 474,0 млн. сом субсдиялык каражаттар бөлүнөт.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, долбоорду ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар жооптуу аткаруучулар болуп эсептелишет.

Жеңилдетилген насыяларды максаттуу берүү тармактары мал чарбасы, өсүмдүк өстүрүүчүлүк, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы болуп эсептелет.

Бардык максаттуу тармактар боюнча акыркы пайыздык ставка 6 пайыз эсебинде аныкталды, мал чарбасы, өсүмдүк өстүрүүчүлүк субъекттери үчүн насыяларды кайтаруу мөөнөтү 36 айды, үрөнчүлүк, асыл-тукум мал чарбасы, канаттуулар чарбасы, балык чарбасы, аарычылык, тоют топтоо, малды жасалма жол менен уруктандыруу субъекттери үчүн 60 айды, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары үчүн 60 айды түзөт.

Берилүүчү насыянын көлөмү:

– мал чарбасы жана өсүмдүк өстүрүүчүлүк субъекттери үчүн 300,0 миң сомдон 3,0 млн. сомго чейин;

– үрөнчүлүк, асыл-тукум мал чарбасы, канаттуулар чарбасы, балык чарбасы, аарычылык, тоют топтоо, малды жасалма жол менен уруктандыруу субъекттери үчүн 10,0 млн. сомго чейин;

– тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары үчүн 500,0 миң сомдон 20,0 млн. сомго чейин түзөт.

Бардык категориялар үчүн жеңилдетилген мезгил 6 ай эсебинде аныкталды.

Ушул долбоорго багытталган каражаттар:

– мал чарбасынын субъекттери үчүн бардык каржылоонун жалпы суммасынын 50 пайыздан ашпаган;

– өсүмдүк өстүрүүчүлүк субъекттери үчүн бардык каржылоонун жалпы суммасынын 25 пайыздан ашпаган;

– тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары үчүн бардык каржылоонун жалпы суммасынын 25 пайыздан кем болбогон көлөмдө аныкталды.

Show More
Back to top button