Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Ысык-Көл көлүн балыктандыруу максатында 4 млн 900 миң балык чабактары кое берилди – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Ысык-Көл көлүн балыктандыруу максатында 4 млн 900 миң балык чабактары кое берилди

2023-жылдын 1-апрелинде «Тоң балык заводу» мамлекеттик ишканасынын инкубациялык цехинен Ысык-Көлдө көлүн балыктандыруу максатында Жети-Өгүз районундагы Липенский булуңуна (№37 балык участогу) 600 миң даана сига-лудога балыгынын чабактары, Жети-Өгүз, Жыргалаң жана Ак-Суу дарыяларына 130 миң даана 90 күндүк форель-гегаркуни балыгынын чабактары кое берилди.

Март айындагы актыларга ылайык, «Тоң балык заводу» МИнин инкубациялык цехинен 4 млн 600 миң даана сига-лудога балыгынын чабактары, 300 миң даана форель-гегаркуни балыгынын чабактары кое берилген.

Бардыгы болуп 2023-жылдын 3-апрелине  карата «Тоң балык өстүрүү заводу» МИнин инкубациялоо цехинен балыктандыруу максатында 4 млн 900 миң балык чабактары кое берилген (сига-лудога – 4,6 млн. даана, форель-гегаркуни– 0,3 млн. даана).

«Тоң балык өстүрүү заводу» мамлекеттик ишканасында сига-лудога балыгын чыгаруу боюнча иш-чаралар жакынкы мезгилде улантылат.

Show More
Back to top button