Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
“Үрөн жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

“Үрөн жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Үрөн жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамына кол койду.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкөнүн айыл чарбасынын үрөнчүлүк тармагын жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө багытталган мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 22-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамды кабыл алуунун максаты – 2021-жылдын 8-февралындагы №26 “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасында айыл чарбасынын үрөнчүлүк секторун жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү болуп саналат.


Мыйзам үрөнчүлүктү өнүктүрүү механизмдерин өркүндөтүү, импорттолгон айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрдүн жана отургузуу материалдарынын сапатын жакшыртуу, алардын изин камсыздоо, ошондой эле бул чөйрөдө иштеген бизнеске шарттарды түзүү максатында мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилет.


Тактап айтканда, Мыйзам Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына үрөндөрдү жана отургузуу материалдарды ташып келүүнүн тартибин камсыздайт. Себеби, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын аймагына үрөндөрдү жана отургузуу материалдарды ташып келүүдө бир катар талаптарды сактоо боюнча импортер тарабынан мыйзам алдындагы ченемдик актылардын деңгээлинде талаптар жок, бул ар кандай тобокелдиктерди жаратууда, ошондой эле үрөндөрдү жана отургузуу материалдарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүнү жөнгө салуучу жана тартипке келтирүүчү ченемдик укуктук ченемдердин же эрежелердин жоктугу.


Өзгөртүүлөрдү натыйжалуу ишке ашыруу максатында «Өсүмдүктөрдүн сорттору менен гибриддеринин үрөндөрүн Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн жана отургузуу материалдарын ташып келүүнүн макулдашылган жана көзөмөлдөнгөн процессине мындан ары көмөктөшөт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Show More
Back to top button