Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Балык тармагын өнүктүрүү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Балык чарба департаментиЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Балык тармагын өнүктүрүү

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 11-августундагы “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндөгү” №98 Мыйзамынын 10 беренесине ылайык, КРнын Айыл чарба министрлигинин Балык чарба департаменти менен Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычынын акваториясын (чаша 1) балык чарбачылыгын өнүктүрүү, эс алуу борборун (глампинг-кемпинг) уюштуруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча эки тараптуу макулдашууга кол коюлду.
Долбоордун мамлекеттик өнөктөшү болуп КРнын Айыл чарба министрлигинин Балык чарба департаменти, ал эми жеке өнөктөшү жеке ишкер Серков П.В. болду.
Мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоору өлкөдө балык уулоо тармагын өнүктүрүүгө багытталган жана жеке өнөктөштүн төмөнкү милдеттенмелерин аткарууга багытталган:
Балык чабактарын өстүрүүчү балык фермасын уюштуруу;
Суу сактагычты балыктын баалуу түрлөрү менен камдоо жана көбөйтүү;
Заманбап балык уулоо жабдуулары менен жабдуу;
Суу биологиялык ресурстарынын табигый чөйрөсүнө зыян келтирбестен, аларга ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча биотехникалык иш-чараларды жүргүзүү;
Уникалдуу экологиялык чөйрөнү сактоо үчүн заманбап экологиялык технологияларды колдонуу;
Ижара акысын төлөө жана башкалар.
Жеке өнөктөштүн МЖӨ долбооруна тартылуучу инвестициянын көлөмү болжол менен 60 миллион сомду түзөт.
МЖӨ долбоорун ишке ашыруу мөөнөтү 25 жылдан кем эмес.

Show More
Back to top button