Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
“Айыл чарбасын каржылоо-10” «РСК» ААК – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

“Айыл чарбасын каржылоо-10” «РСК» ААК

«Айыл чарбасын каржылоо – 10» насыя ɵнүмү

ПараметрлериМазмуну
Максаттуу топ жана насыянын багытыМал чарбачылык, ɵсүмдүк ɵстүрүү, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү
Насыялоонун жалпы бюджетиƟнүмдүн бюджети Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлиги тарбынан аныкталат
Каржылоо булактары– Жеке каражаттар
Категориялар– «Мал чарбачылык»жалпы кɵлɵмдүн 50%нан ашык эмес
– «Ɵсүмдүк ɵстүрүү»жалпы кɵлɵмдүн 25%нан ашык эмес
Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү (мындан ары «Кайра иштетүү»)жалпы кɵлɵмдүн 25%нан ашык эмес
Категорияларды сыпаттоо                         «Мал чарбачылык»
Бул категорияга тɵмɵнкүлɵр менен алектенген чарбакер субъектилер кирет:1) бодо малды асылдандыруу;2) кой, эчки, жылкы, коёнду асылдандыруу;3) канаттууларды (тоок, өрдөк, каз, төө куш, бөдөнө жана башка айыл чарба канаттууларын) кɵбɵйтүү;4) бал аарыларын өстүрүү, анын ичинде аары балын жана бал момун өндүрүү;5) балык өстүрүү, балык питомниктеринин жана балык чарбаларынын иши;6) тоютту даярдоо, кайра иштетүү жана камдоо. Асыл тукумдуу малга төмөнкү тукумдар кирет:1) бодо мал: Алатау, Абердин-Ангус, кара-була (Аулие-Ата, голштин), симментал, айшир, герефорд, күрөң швиц, топоздор жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен макулдашуу боюнча башка тукумдар;2) койлор: (уяң жүндүү, Тянь-Шань жарым уяң жүндүү, Алай, Гиссар, Арашан жана меринос) жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен макулдашуу боюнча башка тукумдар;             3) жылкылар (жаңы кыргыз, дон, орус таскактуу, таза кандуу минилүүчү).   Бул категориядагы чарбакер субъектилер ушул Долбоордун алкагында бир зайымчыга 3 (үч) миллион сомго чейин насыя ала алышат. Асыл тукум малды же жасалма уруктандыруу үчүн, мал кыркуучу, жуунтуучу пункттарды куруу жана жабдуу үчүн шаймандарды сатып алган чарбакер субъектилер 10 (он) миллион сомго чейин насыя ала алышат.
«Ɵсүмдүк ɵстүрүү»
«Ɵсүмдүк ɵстүрүү» категориясына тɵмɵнкүлɵр кирет:1) дан өсүмдүктөрүн өстүрүү;2) буурчак өсүмдүктөрүн өстүрүү;3) техникалык өсүмдүктөрдү өстүрүү;4) жашылча жана бакча өсүмдүктөрүн өстүрүү;5) мөмө-жемиштерди өстүрүү;6) агротокой жана питомник чарбасынын мөмө-жемиштерин өстүрүү;7) тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү;8) сугаттын сууну үнөмдөөчү технологияларын (тамчылатып сугаруу, жаадырып сугаруу) колдонуу;9) күнөскана чарбачылыгын жүргүзүү;10) интенсивдүү багбанчылыкты өнүктүрүү;              11) органикалык айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүБул категориядагы чарбакер субъектилер бул Долбоордун алкагында бир зайымчыга 3 (үч) миллион сомго чейин насыя ала алышат. Суу үнөмдөөчү сугат технологияларын (тамчылатып сугаруу, жаадырып сугаруу), күнөскана чарбачылыгын, интенсивдүү багбанчылыкты жана органикалык айыл чарбачылыгын өнүктүрүү менен алектенген чарбакер субъектилер 10 (он) миллион сомго чейин насыя ала алышат.
                                         «Кайра иштетүү»
«Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү» категориясына тɵмɵнкүлɵр кирет:1) айыл чарба продукциясын (дан, буурчак, эт, балык, сүт, тери, жүн) кайра иштетүү;2) балыктарды кайра иштетүү жана консервациялоо;3) мөмө-жемиштерди, жашылчаларды жана мөмөлөрдү кайра иштетүү жана консервациялоо;4) өсүмдүк жана жаныбарлардын майларын өндүрүү;5) айыл чарба жаныбарлары үчүн тоют өндүрүү;6) минералдык сууларды өндүрүүнү кошпогондо, айыл чарба продукциясынан тамак-аш азыктарын өндүрүү (анын ичинде айыл чарба продукциясынын кайра пайдаланылуучу чийки затынан);7) айыл чарба продукциясын таңгактоо, чогултуу жана сактоо, анын ичинде жашылча кампалары;8) малды жана канаттууларды союучу жайлар;9) кийиз жана кийиз буюмдарын өндүрүү;             10) айыл чарба продукциясын сатып алууну, сактоону, ташууну жана сатууну уюштуруу боюнча логистикалык борборлор.Бул категориядагы чарбакер субъектилерге 30 жумушчу орунга чейин камсыздаган айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча ишкердик ишмердүүлүк кирет жана алар АЧК-10 долбоорунун алкагында бир карыз алуучуга 20,0 (жыйырма) миллион сомдон ашпаган суммада насыя ала алышат.
ПреференцияларА) мал чарбачылыгын насыялоодо артыкчылыктуу багыттар болуп белгиленген тартипте асыл тукум заводунун, асыл тукум фермасынын («Мал чарбасы» категориясы), үрөнчүлүк чарбасынын («Өсүмдүк ɵстүрүү» категориясы) статусу ыйгарылган чарбакер субъектилер саналат;Б) «Кайра иштетүү» категориясындагы артыкчылык болуп төмөнкүлөр саналат:             1) айыл чарба жана тамак-аш продукциясын өндүргɵндɵр;             2) «Айыл Чарбасын Каржылоо-10» долбооруна катышкан жергиликтүү өндүрүүчүлөр менен айыл чарба продукциясын (чийки затын) жеткирүү боюнча келишимдерди жана/же контракттарды түзгɵндɵр.
«Мал чарбачылыгы» категориясынын негизги шарттарыички категорияларНасыянын суммасы, сомНасыянын мɵɵнɵтү% коюмуЖеңилдетилген мезгил
күрɵɵсүз насыялар300 000ге чейин18 ай 6% жылдык6 айга чейин негизги сумманы тɵлɵɵ боюнча
кадимки мал чарбачылык3 млн-го чейин18 ай,36 ай.
Тɵмɵнкүлɵр менен алектенген мал чарбасынын субъектилери үчүн:- асыл тукум чарбасынын статусу бар асыл тукум малды сатып алуу;- канаттууларды кɵбɵйтүү;- балык өстүрүү;- аары багуучулук;- тоютту сатып алуу жана даярдоо;- мал кыркуучу жана жуунтуучу пункттарды куруу жана жабдуу жана жасалма уруктандыруу үчүн шаймандарды сатып алуу10 млн-го чейин18 ай,36 ай,48 ай,60 ай
«Ɵсүмдүк ɵстүрүү» категориясынын негизги шарттарыички категорияларНасыянын суммасы, сомНасыянын мɵɵнɵтү% коюмЖеңилдетилген мезгил
Күрɵɵсүз насыялар300 000ге чейин18 ай6% жылдык6 айга чейин негизги сумманы тɵлɵɵ боюнча
Кадимки ɵсүмдүк ɵстүрүү3 млн-го чейин18 ай,36 ай
Тɵмɵнкүлɵр менен алектенген ɵсүмдүк өстүрүүчү субъектилер үчүн: сууну үнөмдөөчү сугат технологиясы (тамчылатып сугаруу, жаадырып сугаруу), күнөскана чарбачылыгы, интенсивдүү багбанчылык, органикалык айыл чарба өндүрүшү.10 млн-го чейин18 ай,36 ай,48 ай,60 ай.
«Кайра иштетүү» категориясынын негизги шарттарыички категорияларНасыянын мɵɵнɵтүЖеңилдетилген мезгил% коюмНасыянын суммасы
Негизги каражаттарды алуу18 ай36 ай48 ай60 ай6 айга чейин негизги сумманы тɵлɵɵ боюнча6% жылдык500 000 сомдон20 млн.сомго чейин
Жүгүртмɵ каражаттарды толуктоо18 ай36 ай
Насыялоо шарттарыКыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, КРУБдун ченемдик укуктук актыларынын талаптарына, «РСК Банк» ААКынын ички ченемдик документтерине, талаптарына жана тарифтерине ылайык
Күрɵɵсүз негизде насыялоонун негизги шарттары– Камсыздоо катары үчүнчү жактардын кепилдиги (кыймылсыз мүлктүн ордуна) талап кылынат.
Насыянын валютасы– Кыргыз cому
Кайра каржылоо компонентиКаралган эмес
Насыя берүү үчүн комиссия – 0 %
Тɵлɵɵ графиги– Пайыздарды ай сайын тɵлɵɵ.- Жеңилдик мезгили аяктагандан кийин негизги сумманы тɵлɵɵ кирешелердин ɵзгɵчɵлүгүнɵ жараша жекече белгиленет
Максаттуу колдонуунун мониторингиМониторинг насыянын максаттуу пайдаланылышын тастыктаган төмөнкү документтерди берүүнү эске алуу менен Банктын ченемдик документтерине ылайык жүргүзүлөт:насыя алган күндөн тартып 2 айдын ичинде зайымчылар насыялык каражаттардын максаттуу пайдаланылышы жөнүндө отчетту, насыя боюнча аткарылган чыгымдардын документалдуу далилдерин (контракттар/келишимдер, эсеп-фактуралар жана/же коштомо кагаздар, тɵлɵм жɵнүндɵ документтер жана башкалар) тиркɵɵ менен берүүгө милдеттүү;Зайымчыдан насыялык каражаттардын максаттуу пайдаланылышы жөнүндө отчетту алгандан кийин 3 айдын ичинде ыйгарым укуктуу кызматкерлер жеринде мониторинг жүргүзүшөт жана аудиттин жыйынтыгы боюнча отчет беришет.Зайымчылар коммерциялык банктарга насыянын максаттуу пайдаланылышын тастыктаган төмөнкү документтерди берүүгө милдеттүү: 1) Мал чарба тармагындагы жүгүртүү каражаттарына берилген насыянын максаттуу пайдаланылышын тастыктоо үчүн төмөнкүлөрдү көрсөтүү керек: – сатуучунун паспортунун көчүрмөсү (сатуучу жеке жак болгон учурда) тиркелген, жөнөкөй жазуу жүзүндө түзүлүп, сатып алынган малдын же тоюттун наркы көрсөтүлгɵн малды сатуу жɵнүндɵ контракттын/келишимдин көчүрмөсү;- малды сатып алууну максаттуу пайдаланууну текшерүү үчүн кошумча тастыктоочу документ болуп, сатып алынган малды зайымчынын катталган/жашаган жери боюнча тиешелүү айыл өкмөтүнүн чарба китебине катталгандыгы жөнүндө айыл өкмөтүнөн маалымкат саналат; 2) Өсүмдүк өстүрүү тармагында жүгүртүү каражаттарына берилген насыянын максаттуу пайдаланылышын тастыктоо үчүн тɵмɵнкулɵрдү кɵрсɵтүү зарыл;төмөндөгү документтердин бирин, же сатып алуу/сатуу келишимин, же сатып алуу актыларын, же эсеп-фактураларын, же сатылып алынган үрөндөр, минералдык жер семирткичтер, күйүүчү-майлоочу материалдар (мындан ары – КММ) үчүн төлөм жɵнүндɵ коштомо кагаздарды;өсүмдүк өстүрүү тармагында көрсөтүлүүчү кызматтар ар кандай кызматтарды (айдоо, түшүм жыйноо) көрсөткөн адамдардын паспортторунун көчүрмөсү тиркелген жөнөкөй жазуу жүзүндө түзүлгөн тейлөө келишими менен тастыкталат; 3) Негизги каражаттар үчүн алынган насыянын максаттуу пайдаланылышын тастыктоо үчүн төмөнкүлөрдү көрсөтүү керек: кыймылсыз мүлктү сатып алууда же модернизациялоодо – баасын көрсөтүү менен сатып алуу-сатуу келишими/Курулушта, модернизациялоодо кызматтарды көрсөтүүгө келишим (аткарылган иштердин актысы жана чыгымдалуучу материалдарды сатып алуу боюнча актылары менен);жабдууларды, транспорт каражаттарын сатып алууда төлөм документи (төлөм тапшырмасы, дүмүрчɵк, которууга арыз, сатуучунун тилкаты) менен тастыкталган баасы көрсөтүлгɵн сатуу келишимин көрсөтүү керек. Транспорттук каражаттар үчүн кардарга кайра тариздетилген менчик укугу боюнча документ талап кылынат;4) Зайымчылар насыянын максаттуу пайдаланылышын тастыктаган башка документтерди берүүгө милдеттүү. Эгерде:насыя алуу менен агротехникалык иш-чараларды өткөрүүнүн оптималдуу мөөнөтүнүн ортосунда убакыт ажырымы болсо, насыя берилгенге чейин эки айдан кем эмес тариздɵɵ датасы менен тастыктоочу документтерди кабыл алууга жол берилет;үрөндөрдү, минералдык жер семирткичтерди, КММны сатып алуу-сатуу бүтүмдɵрү, ошондой эле жеке жак статусуна ээ болгон адамдардын ортосунда техника кызматтарын кɵрсɵтүү боюнча бүтүмдөр түзүлгɵн болсо, тастыктоочу документ болуп сɵзсүз түрдɵ сатуучунун паспорттук маалыматы, сатылган үрɵндɵрдүн же башка продукциянын/кɵрсɵтүлгɵн кызматтын саны, сорту кɵрсɵтүлүп жазылган сатуучунун акча каражатын алгандыгы тууралуу тилкаты тиркелген сатуу-сатып алуу контракты/келишими же кызмат кɵрсɵтүү жɵнүндɵ контракт/келишим саналат;алыскы айылдардын тургундары тарабынан күйүүчү-майлоочу майлар ыйгарым укуктуу адам аркылуу биргелешип сатып алынган болсо, ар бир мындай насыянын акча каражаттарынын пайдаланылышы жөнүндө отчетто күйүүчү-майлоочу майлар биргелешип сатып алынгандыгы кɵрсɵтүлүп, май куюучу станциялардан алынган бардык төлөм документтеринин көчүрмөлөрү тиркелет;
       

Ɵзгɵчɵ шарттар:

Насыяларды берүү Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлиги менен субсидиялоо боюнча «Айыл чарбасын каржылоо-10» долбоору боюнча тийиштүү макулдашууга кол коюлган күндɵн тарта башталат.

«АЧК-10» ɵнүмүнүн кошумча шарттары

  1. Асыл тукум малды өстүрүү менен алектенген чарбакер субъектилер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык ыйгарылган асыл тукум чарба статусуна, ошондой эле асыл тукум баалуулугун күбɵлɵндүргɵн документтерге (паспорт, асыл тукум малдын карточкасы, бонитировка журналы) ээ болууга тийиш.
  2. Суу үнөмдөөчү сугат технологияларын (тамчылатып сугаруу, жаадырып сугаруу), күнөскана чарбачылыгын жана интенсивдүү багбанчылыкты ишке киргизүү менен алектенген чарбакер субъектилерге бизнес-планды техникалык-экономикалык негиздеси менен кɵрсɵтүү сунушталат.
  3. Органикалык өндүрүштүн ишин жүзөгө ашыруучу чарбакер субъектилер органикалык айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилген органикалык өндүрүштүн субъектисинин каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүккө ээ болууга тийиш.
  4. «Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү» категориясындагы чарбакер субъектилер Кыргыз Республикасынын резиденттери болууга жана бардык мамлекеттик органдарда тийиштүү түрдө каттоодон өтүүгө тийиш. Ошондой эле, мындай субъектилер насыянын көрсөтүлгөн максатына ылайык курууда (мисалы, заводдук имараттарды, мал үчүн курулмаларды, мал союучу жайларды, балык чарбасы үчүн көлмөлөрдү, тоңдуруучу жайларды) тиешелүү сметасын берүүгө тийиш.
  5. Мал сатып алууга насыя алуу үчүн зайымчыда айыл чарба жаныбарларын багуу жана көбөйтүү үчүн бардык зарыл шарттар, анын ичинде кыш мезгилинде тоют сактоо үчүн шарттар болушу керек. Бул Долбоордун алкагында насыя алуу үчүн, өсүмдүк өстүрүүчүлүк менен алектенген субъектилердин айыл чарба багытындагы менчик же ижарага алынган жерлери жана мындай жерлердин бар экендигин күбɵлɵндүрүүчү документи (күбɵлүк, ижара келишими, сатуу-сатып алуу келишими ж.б.) болушу керек;
  6. «АЧК-10» боюнча арыздарды эсепке алуунун ыңгайлыгы үчүн, тийиштүү документтердин топтому алынып, насыя алуу үчүн арыз толтурулгандан кийин, арыз «АЧК-10 боюнча арыздарды эсепке алуу электрондук журналына» катталат.
Show More
Back to top button