Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
“Карабалыкская-20” үрөнү фермерлерге “Айыл Банк” аркылуу берилет – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

“Карабалыкская-20” үрөнү фермерлерге “Айыл Банк” аркылуу берилет

.”Карабалыкская-20″ үрөнү фермерлерге “Айыл Банк” аркылуу берилет

Республиканын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн дан өсүмдүктөрүнүн жогорку түшүмдүү үрөндөрү менен камсыздоого жана ата мекендик үрөн өстүрүүнү өнүктүрүү үчүн үрөн фондун түзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыргызстандын АЧМ 1000 тн “Карабалыкская – 20” сорту (элита репродукциясы) жаздык буудайдын үрөнүн Казакстандан кайтарымсыз негизде жеткирүү боюнча сунуш демилгеледи. Бул үрөндөр Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун Кордай айылында 2021-жылдын 2-апрелинде өткөн 9-отурумунда кыргыз-казак Өкмөттөр аралык Кеңешинин протоколунун 5.5-пунктунда каралган.

Жаздык буудайдын үрөнү “Айыл Банк” аркылуу сорт алмаштырууну  жүргүзүү максатында (сапатын жоготкон сорттун ордуна жаңы сортту өндүрүшкө киргизүү) өлкөнүн үрөн чарбалары боюнча жылдык 4,5% менен жеңилдетилген кредиттөө шарттарында 2 жылдык мөөнөткө бөлүштүрүлөт, ошондой эле жазгы буудайдын айдоо аянтын кеңейтүү шартында үрөндөрдүн жетишсиз көлөмүн жабуу үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөргө үстүбүздөгү жылдын жаздык себүүсүндө берилет. Ошентип, КР АЧМ айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн сапаттуу үрөндөргө жетүүсүн кеңейтүүнүн кепилдиги катары револьвердик насыялоонун жаңы механизмин ишке киргизип жатат.

Өз кезегинде, берилген арыздардын негизинде үрөн чарбалары жана айылдык товар өндүрүүчүлөр менен кредиттик келишимдер түзүлөт. 2 жылдын ичинде чогултулган каражаттар сорт алмаштыруу жана сортту жаңыртуу, айылдык товар өндүрүүчүлөрдү сертификацияланган жогорку сапаттагы үрөндөр менен бекемдөө жана камсыздоо куралы катары ата мекендик үрөнчүлүктү өнүктүрүү жана колдоо боюнча үрөн фондуна топтолот. Бул механизм айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн бөлүштүрүүгө мониторинг жүргүзүүнүн жана жеткиликтүүлүктүн ачык системасын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Бул акцияны пайдалануунун натыйжасы ата мекендик үрөнчүлүктү туруктуу өнүктүрүүнүн жана колдоонун негизин түзүүгө мүмкүндүк берет. Ошентип, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча 8750 тонна “Карабалыкская-20″сортунун жаздык буудайын алуу пландалууда. Кийинки 2023-жылы бул үрөндөрдүн көлөмү себилгенден кийин 109,3 миң тонна кондициялык үрөн алуу пландалууда. Бул үрөндөрдү себүүдөн күтүлгөн киреше 3,1 млрд. сомду түзөт. Статистика боюнча өлкөнүн агрардык секторунда 450 миң фермер эмгектенет, натыйжада келип түшкөн үрөндөрдү көбөйтүүнүн мультипликативдик таасири аларды 3 жылдын ичинде үрөн менен камсыз кылууга жана ата мекендик үрөнчүлүктү жана тармактык илимди колдоонун туруктуу негизин түзүүгө мүмкүндүк берет.

Мамлекеттик бюджеттин чектелген каражаттарынын шартында Кыргызстандын үрөн фондун түзүү Кылкандуу дан өсүмдүктөрүн өстүрүү жаатында үрөн өстүрүүнү жана тармактык илимди өнүктүрүүнү максаттуу колдоону жана калыптандыруу үчүн негиз болуп саналат.

Show More
Back to top button