Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Учурдагы минералдык жер семирткичтерге болгон дүң баа – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Учурдагы минералдык жер семирткичтерге болгон дүң баа

2021-жылы жазгы талаа иштерин өз убагында жүргүзүү үчүн республиканын айыл чарба тармагына 45-50 миң тонна минералдык жер семирткичтер керектелет, тактап айтканда, а. и. азоттук жер семирткичтер – 40,0 миң тонна, фосфордук жер семирткичтер – 5-10 миң тонна.

Жалпысынан 2021-жылдын 11-мартында республикага 41,1 миң тонна минералдык жер семирткичтер импорттолгон, анын ичинен – ​​Ош облусуна – 13,4 миң тонна, – Баткен облусуна – 10,6 миң тонна, – Жалал-Абад облусуна-6, 4 миң тонна, – Талас облусуна – 0, 9 миң тонна жана Чүй облусуна – 9,7 миң тонна жеткирилген.

Талас облусуна- 0, 9 миӊ тонна, Чүй облусуна – 9,7 миӊ тонна ташылып келинди.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын калдыктарын эске алуу менен (15,7 миӊ тонна), жалпы республикада 56,8 миӊ тонна минералдык жер семирткичтер бар. Бул жазгы талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн керектелген минералдык жер семирткичтердин 113, 6 % түзөт.

Азыркы учурдагы минералдык жер семирткичтерге болгон дүң баалар:

Республиканын түштүгүндө (Жалал-Абад, Кара-Суу, Кызыл-Кыя темир жол станцияларында):- аммиак селитрасы – 21,2 сом/кг; – карбамид – 25,0 сом/кг; – аммофос – 33,5 сом/кг; – нитроаммофос – 31,0 сом/кг.

Республиканын түндүгүндө (Кара-Балта жана Бишкек 1 темир жол станцияларында): – аммиак селитрасы – 22,0 сом/кг; – карбамид – 26,0 сом/кг;- аммофос – 31,0 сом/кг; – нитроаммофос – 28,5 сом/кг.

Минералдык жер семирткичтерге болгон чекене баалар дүң баадан 2-3 сомго (же андан жогору) айырмаланат.

Белгилей кетүүчү нерсе, дыйкандарды арзан баада минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылуу жана 2021-жылдын жазгы талаа иштерине даярдануу максатында, Кыргыз жер семирткич жеткирүүчүлөр ассоциациясы (КАПУ), Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте Өзбекстан Республикасында өндүрүлгөн минералдык жер семирткичтерди өз баасында сатуу акциясын жүргүзүүдө:

-аммиак селитрасы – 21,2 сом / кг; (дүң баасы)

-карбамид – 25 сом / кг (дүң баасы) Жалал-Абад, Кызыл-Кыя жана Кашкар-Кыштак станцияларында.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button