Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Ысык-Көлдө интенсивдүү багбанчылык боюнча семинар болуп өттү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Ысык-Көлдө интенсивдүү багбанчылык боюнча семинар болуп өттү

Бүгүн, 24-августта Ысык-Көл облусунун Сары-Камыш айылында Айыл чарба министрлигинин жүргүзгөн негизги багыттарынынг бири болгон интенсивдүү багбанчылык ыкмасына өтүү боюнча семинар болуп өттү.  

Интенсивдүү багбанчылык бул биздин жаратылыш байлыктарыбызды максималдуу түрдө пайдаланууга жана өлкөбүздүн азык-түлүк коопсуздугун жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзгөн негизги стратегия.

Приоритеттүү ыкмалардын бири болгон интенсивдүү багбанчылыкты ишке киргизүү жана климаттык шарттарга ыңгайлашкан, илдеттерге жана зыянкечтерге туруктуу өсүмдүктөрдүн сортторун жана гибриддерин колдонуу бүгүнкү күндүн талабы.

Семинарга Айыл чарба министрлигинин адистери,  Өзбекстан, Казакстан, Молдова өлкөлөрүнүн багбан ишкерлери, “Догал” компаниясынын өкүлдөрү жана республиканын бардык облустарынан багбан, дыйкандар келип катышты.

Анда интенсивдүү багбанчылык ыкмасын жайылтуу, чыгымы жана экономикалык кирешенин көрсөткүчтөрү, ошондой эле климаттык кырдаалга байланыштуу эрте жаздагы үшүккө туруштук берген, илдеттерге жана зыянкечтерге  каршы “Догал” компаниясынын препараттары дыйкан, фермерлерге сунушталды.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 53 миң гектарга бак отургузулган болсо, анын 2600 гектары интенсивдүү багбанчылык болуп саналат жана бул багытка ыктаган багбандардын саны күн санап өсүүдө.

Show More
Back to top button