Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Министри Аскарбек Джаныбеков Сүт кайра иштетүүчүлөр бирлигинин төрагасы менен жолукту – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Министри Аскарбек Джаныбеков Сүт кайра иштетүүчүлөр бирлигинин төрагасы менен жолукту

2021-жылдын 23-марттында, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Джаныбеков Сүт кайра иштетүүчүлөр бирлигинин төрагасы Сүйүнбек Кадыров менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө бирдиктүү баа саясатын киргизүүгө, бүткүл республика боюнча сүттү сатып алуу баасына, өзүбүздөн өндүрүлгөн, сыртка экспорттолгон сүттүн сапатына жана майлуулугуна байланыштуу маселелер талкууланды.

Ошондой эле, сүттүн майлуулугун, сапатын, логистикасын (ташуу), сүт жана сүт азыктарында антибиотиктерди бирдиктүү негизин түзүү жана комплекстүү иш-чаралардын планын иштеп чыгуу маселеси талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында жумушчу топту түзүү пландаштырылууда жана ушул жумушчу топтун иш-аракеттеринин жыйынтыгы боюнча министр сүт багытындагы бирдиктүү саясатты иштеп чыгуу максатында, бардык сүттү кайра иштетүүчүлөрдү, ири сүт өндүрүүчүлөрдү, экспортерлорду жана импортерлорду чогултат.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button