Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Түп районунун Арал айылында айыл чарба багытындагы семинар өтүп, лизингге алынган техникалардын көргөзмөсү болду – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Айыл чарбасын каржылоо-10ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Түп районунун Арал айылында айыл чарба багытындагы семинар өтүп, лизингге алынган техникалардын көргөзмөсү болду

Бүгүн Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Арал айылында «Эрдик» айыл чарба ишканасынын базасында айыл чарба багытында семинар өттү.

Аталган семинарды Айыл чарба министрлиги, облустук администрация жана Түп райондук администрациясы менен биргеликте уюштурду. Семинарда жакында эле лизингге сатылып алынган жер иштетүүгө керектелчү жаңы техникалык шаймандар, тактап айтканда жамгырдан суу алып пайдаланчу жаңы заманбап техника жана ачык системадагы насостор көргөзмөгө коюлду.

Андан тышкары Айыл чарба министрлигине караштуу бардык түзүмдүк бөлүмдөрдүн жеке көргөзмөсү өттү. Иш-чарага  Айыл, суу чарба жана мелиорация министри Аскарбек Жаныбеков жергиликтүү мамлекеттик кызмат өкүлдөрү жана дыйканчылык менен алектенген жергиликтүү ишкерлер, активисттер жана дыйкандар катышышты.

Show More
Back to top button