Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Айыл чарба министрлиги 41 мыйзамга инвентаризация жүргүзүп жатат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Айыл чарба министрлиги 41 мыйзамга инвентаризация жүргүзүп жатат

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө” жарлыгын жүзөгө ашыруу алкагында, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү жаатындагы 41 мыйзамга инвентаризация жүргүзүп жатат.

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги 2021-жылдын 25-майындагы №164 буйругу менен Кыргыз Республикасынын айыл чарба, жер жана агрардык-өнөр жай комплекстер чөйрөсүндө мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча профилдик жумушчу топчолор түзүлгөн. Профилдик жумушчу топчолордун курамына кураторлук жүргүзгөн министрдин орун басарлары, бөлүмдөрдүн начальниктери, адистер жана көз карандысыз эксперттер киргизилген.

Жумуштун жүрүшүндө профилдик жумушчу топчолор тарабынан ЧУАдын 3 категориясы  (күчүн жоготкондорго туура келген, өзгөртүүлөрдү жана мурдагы редакцияда калтырууну талап кылган) аныкталган.

         КР 41 мыйзамынын ичинен:

  • 13 мыйзамды учурдагы редакцияда кайра бекитүү;
  • 25 мыйзамды аягына чейин иштеп чыгуу;
  • 3 мыйзам күчүн жоготту деп сунушталды. 
Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button