Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Сактыкка кордук жок, Ветеринария кызматы эскертет! – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Сактыкка кордук жок, Ветеринария кызматы эскертет!

Үй жандыктарынын арасында жугуштуу ооруга шек жаралса, же аныкталса, ошондой эле, жаныбарлардын табигый кырсыктардан массалык түрдө чыгым болгон учур катталса, токтоосуз Ветеринардык кызматтын райондук (ар бир райондун борборлорунда) жана шаардык (Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Каракол) башкармалыктардын инспекторлоруна жана тиешелүү жеке ветеринардык адистерге кайрылуу зарыл.

Себеби, жаз келип, күндүн жылышы менен жапайы жаныбарлардын (ит-куш, карышкыр, чөө) мал жандыктарга кол салуу кооптуулугу күчөйт. Андыктан жаныбарлардан адамдарга жугуучу оорулардын коркунучун болтурбоо максатында Ветеринардык кызмат тарабынан эпизоотияга каршы күрөшүү боюнча бекитилген пландын негизинде, ар бир ылаңдын этиологиясына жараша диагностикалык жана профилактикалык эмдөө иштери жүргүзүлүп жатат. Эгер жапайы жаныбарлардын, жолбун иттердин мал жандыктарга кол салып тиштеп, ар түрдүү жаракат келтирип, жабыркаткан окуялар орун алса, учурунда тиешелүү веткызматкерлерге кабарлоону өтүнөбүз жана кайдыгер болбоону эскертебиз!!!

Ээси жок, каралбаган жолбун иттерди жок кылуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте атайын иш-чаралар жүргүзүлөт. Эгер бул багытта маселе жаралса, жергиликтүү тиешелүү органдарга кайрылуу зарылдыгын белгилейбиз.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын үч айында республика боюнча ветеринардык-санитардык, профилактикалык, эпизоотикага каршы иш-чаралар жалпы 3348,2 миң баш малга жүргүзүлдү. Анын ичинен 154,6 миң баш малга диагностикалык изилдөөлөр, 3089,7 миң баш малга алдын ала эмдөөлөр, дегельминтизация 103,8 миң башка (ит-мышык) жүргүзүлүп, план 116% аткарылды.3814:47

Show More
Back to top button