Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Карантинге алынуучу продукциянын экспорту – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Карантинге алынуучу продукциянын экспорту

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 9-15-июнуна карата республиканын чек арасында жана аймагында экспорттоолуучу 13 миң 875 тонна ата-мекендик айыл чарба продукциясына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү. Экспорттук көлөмү боюнча:

1. Чүй облусунан 8 миң 876 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбагандан соң, 756 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Чүй областынан эң көп экспорттолгон продукция: жашылчалар-2943,7 тоннаны түзүп, Россия, Казакстан, Польша, Украина өлкөлөрүнө экспорттолгон.

2. Ош облусунан 3 миң 960 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбагандан соң, 211 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Ош областынан мөмө жемиштер 2070 тоннаны түзүп Россия жана Кытай өлкөлөрүнө экспорттолгон.

3. Талас облусунан 810 тонна айыл-чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 83 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Талас областынан буурчак өсүмдүктөрү 396 тоннаны түзүп, Россия, Сербия, Иран, Болгария, Турция Казакстан, Грузия өлкөлөрүнө экспорттолгон.

4. Жалал-Абад облусунан 141,3 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 12 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Жалал-Абад областынан , дарбыз 13,8 тонна, коон 100 тонна Өзбекстан өлкөсүнө экспорттолгон.

5. Баткен облусунан 87 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолгон, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 7 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Баткен областынан жүгөрү 19 тонна, арпа 30 тонна Өзбекстан өлкөсүнө экспорттолгон.

6. Ысык-Көл облусунан 60 даана облепиха согу Дубай өлкөсүнө экспорттолуп, үлгүлөр тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик  зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 1 даана фитосанитардык сертификат жазылган.

Карантиндик фитосанитардык көзөмөлдүн жүрүшүндө товарлар ичине чейин тыкыр текшерилип, ташылып чыгарыла турган азыктардан үлгүлөр алынды, ТЭИ катышуучулары ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык ташуунун шарттарынын жана сактоо эрежелеринин аткарылышы менен таанышты.

Show More
Back to top button