Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Узундугу 14000 метрди түзгөн 140 браконьердик тор утилдештирилди – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Узундугу 14000 метрди түзгөн 140 браконьердик тор утилдештирилди

Балыктын баалуу түрлөрүн көбөйтүү максатында ар жылдык божомол-тапшырмаларды аткаруу үчүн 2021-жылдын 22-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Балык чарба Департаментинин, Ысык-Көл облусу боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жана Ысык-Көл мамлекеттик коругунун кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл көлүнүн № 40 балык кармоо участогун браконьердик торлордон тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө жалпы узундугу 14000 метрди түзгөн 140 браконьердик торлор алынып, бардык торлор утилдештирилди.

Show More
Back to top button