Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кооперацияны өнүктүрүү боюнча маалымат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Кооперацияны өнүктүрүү боюнча маалымат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 237 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын 2017-2021-жылдарда айыл чарба кооперативдер кыймылын өнүктүрүү” боюнча Концепциясында белгиленген иш-чаралар аткарылууда.

Туркия мамлекетинин ТИКА кызматташтык жана координация боюнча агенттигинин жардамы менен К.И. Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык Университетине караштуу Экономика факультетинин базасында айыл чарба кооперативдерди окутуу боюнча окутуу борбору ачылып жана каржыланып, Министрликтин буйругу менен эки тараптуу жумушчу топ менен иштер жүргүзүлдү. Толук ремонттолуп региондордон айыл өкмөттөрүнүн, агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын адистерин тренерлерди окутуу башталды. 2020-жылдын 2-4- февралында Чүй облусунун райондорунун агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчыларына жана 11-12-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун айыл чарба кооперативдеринин башчыларына кооперативди өнүктүрүү боюнча окутуу болуп өттү. Аталган тренинг Министрликтин, Университетинин жана регионалдык кооперативдеринин катышуусунда мындан ары уланып график түзүлүп калган облустардын райондорунан окуп кетүүгө шарт түзүлдү.

Жогорудагы аткарылган иштердин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин берген маалыматы боюнча республика боюнча 472 айыл чарба кооперативдери бар. Алты айдын ичинде: Баткен облусунда 1, ошондой эле Ошто-2, Таласта-1, Ысык – Көлдө-1 жана Жалал-Абад облусунда 3 болууда.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button