Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
2020-жылдын январь-сентябрындагы оруп жыйноо иштеринин жыйынтыгы – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

2020-жылдын январь-сентябрындагы оруп жыйноо иштеринин жыйынтыгы

Республика боюнча кылкандуу дан эгиндери 471,8 миң га аянттан жыйналып алынды, анын ичинен буудай 297,0 миң га, арпа – 174,8 миң га. Республиканын облустарынын ичинен эң жогору түшүмдүүлүккө Талас облусу жетишти – же жыйналган 5,4 миң га аянттын ар бир гектарынан 31,8 центнерден түшүм алышты. Экинчи көрсөткүч Жалал-Абад облусунда жыйналган 16,8 миң га аянттын ар бир гектарынан 30,0 центнерден түшүм алышты. Үчүнчү көрсөткүч Чүй облусунда жыйналган 124,3 миң га аянттын ар бир гектарынан 28,9 центнерден, Ысык-Көлдө 56,8 миң га аянттын ар бир гектарынан 28,5 центнерден алынууда. Начар көрсөткүч Ош облусунда жыйналган 40,1 миң га аянттын ар бир гектарынан 22,5 центнерден алынды.

Арпа республика боюнча 209,1 миң га аянт жыйналып алынды, же 2019-жылга карата 6,7 миң га көп. Орточо түшүмдүүлүк 24,7 ц/га, өткөн жылга карата 1,6 ц/га көп. Дүң жыйым 515,6 миң тоннаны түздү, өткөн жылга карата 49,1 миң тонна көп.

Жүгөрүнүн даны республика боюнча 76,0 миң га аянт (72,7 пайыз) жыйналып алынды, 2019-жылга карата 4,2 миң га көп. Орточо түшүмдүүлүк 65,1 ц/га, өткөн жылга карата 1,4 ц/га көп. Дүң жыйым 494,6 миң тоннаны түздү, өткөн жылга карата 37,5 миң тоннага көп.

Төө буурчакты жыйноо иштери республика боюнча 52,0 миң га аянты жыйналып алынды, же 83,8 пайызды түздү, 2019-жылга карата 14,6 миң га көп, орточо түшүмдүүлүк 18,6 ц/га, өткөн жылдын деңгээлинде болууда.

Республика боюнча картошка 56,3 миң га (74,0 пайыз) казылып жыйналды, же 2019-жылга карата 6,6 миң га көп. Ал эми орточо түшүмдүүлүк 173,5 ц/га, же 2019-жылга салыштырмалуу 5,3 ц/га көп болууда. Натыйжада дүң түшүмү 976,6 миң тоннаны түзүп өткөн жылга салыштырмалуу 120,7 миң тоннага көп.

Республика боюнча 2020- жылы жашылча өсүмдүктөрү биринчи-экинчи түшүмдөн 908,5 миң тонна жыйналды, өткөн жылга карата 48,9 миң тонна көп.

Ал эми бахча өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымы 249,1 миң тоннаны түзүп, же 2019-жылга карата 10,1 миң тоннага көп топтолду.

Пахта республика боюнча 36,0 миң тонна пахта жыйналды, же өткөн жылга карата 1,6 миң тоннага аз. Чийки пахтанын оточо баасы 1 кг 40-42 сом болууда, же өткөн жылга салыштырмалуу 5-6 сомго чейин арзан болууда.

Тамеки республика боюнча алдын ала божомол менен топтолгон тамеки жалбырагынын көлөмү 1,31 миң тонна, же өткөн жылга салыштырмалуу 0,21 миң тоннага көп болушу күтүлүүдө

Ал эми май өсүмдүктөрү республика боюнча 11,1 миң га аянт жыйналып алынды, же 56,7 пайызы, 2019-жылга карата 3,9 миң га аз, орточо түшүмдүүлүк 13,9 ц/га, өткөн жылга карата 0,7 ц/га көп, дүң жыйым 15,4 миң тоннаны түздү, өткөн жылга карата 0,3 миң тонна көп.

Кант кызылчасы 0,5 миң га аянты жыйналды, орточо түшүмдүүлүк 458,0 ц/га, өткөн жылга карата 13,0 ц/га көп, дүң жыйым 2,3 миң тоннаны түздү.

Көп жылдык мөмө жемиш өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымы 249,1 миң тоннаны түзүп, былтыркы жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 10,1 миң тоннага көп болду.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button