Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
“Баткен облусунун өнүктүрүү программасынын долбоорун иштеп чыгууда ар бириңиздердин сунуш эске алынат”, – деди министрдин орун басары Н. Шерипов – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

“Баткен облусунун өнүктүрүү программасынын долбоорун иштеп чыгууда ар бириңиздердин сунуш эске алынат”, – деди министрдин орун басары Н. Шерипов

2021-жылдын 28- декабрында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары А.Джунушалиев жетектеген Баткен облусунун өнүктүрүү программасынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн жумушчу топ Баткен облусуна иш сапары менен келди.

Жумушчу топтун курамында Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин адистери да бар. Жумушчу топ Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Сада участкасы, Интернационал, Максат жана Жаңы-Жер, Борбордук айылдарын жеринен кыдырып, жергиликтүү дыйкандар, фермерлер менен жолугуп көйгөйлөрүн угушту. Мындан сырткары Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Кулунду каналынын башкы суу бөлүштүрүү заборунун курулуш иштери менен жеринде таанышып, дыйкандар пикир алышты. Ошондой эле курулуш иштери менен таанышып, жарандардын өздүгүн аныктаган документтерин калыбына келтирүү маселелерин талкуулашты.

Жумушчу топ Арка 2 айылында жайгашкан Б.Набиев атындагы орто мектептин кеңсесинде жергиликтүү дыйкан, фермерлер менен жолугушту. Жолугушууда жарандар Тажик, Кыргыз кагылышында талкаланган жеке үйлөрдүн жана соода түйүндөрдүн документтерин калыбына келтирүү, айыл чарба тармагына берилген жеңилдетилген насыялар, сугат суу, кайра иштетүү өнөр жайларды куруу жана айыл чарба продукцияны экспорттоо сыяктуу көйгөйлүү маселелерди чечип берүүнү суранышты.

«Баткен облусунун бардык аймактарында жолугушуулар уюштурулуп, жарандардын көйгөйлөрүн угабыз. Баткен облусун өнүктүрүү программасынын долбоорун иштеп чыгууда ар бириңиздердин сунуш эске алынат, – деди министрдин орун басары Н. Шерипов.

Жолугушууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты. Мындан ары жумушчу топ Баткен облусунун бардык райондорун жеринен кыдырып, эл менен жолугушат.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button