Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Бүгүнкү күнгө карата дыйкандарга 282 техника лизингге берилди – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Бүгүнкү күнгө карата дыйкандарга 282 техника лизингге берилди

Акыркы жылдары Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги тарабынан айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн машина-трактордук паркын толуктоо, жаңылоо жана айыл чарба техникалары менен камсыздоо максатында 2011-жылдан бери айыл чарба техникаларын жана жабдууларын лизингке берилип келет.


ААК “Айыл Банк” аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөргө лизингге дан эгиндерин, оруп жыйноочу комбайндарды, ар түрдүү үлгүдөгү тракторлорду жана башка айыл чарба шаймандарын женилдетилген шарттарда жылдык үстөгү 6-9% менен 7 жылдан 10 жылга чейин лизингке берүүдө. 2011-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин бардыгы болуп 15 млрд. сомго 6196 даана техника лизинг жолу аркылуу дыйкандарга берилди. Ал эми 2024-жылдын апрель айынын башына карата 1,4 млрд. сомго 282 техника берилди.


Жогорудагы долбоорлордун бардыгына Министрлер Кабинетинин чечими менен “Айыл Банк” ААКму оператор болуп дайындалган жана лизинг долбоорлору министрликтин көзөмөлү аркылуу ишке ашырылып жатат.

Show More
Back to top button