Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, быйыл эт көп өндүрүлдү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, быйыл эт көп өндүрүлдү

2021-жылдын отчету боюнча, республиканын бардык категориядагы чарбакерлери тарабынан 30,2 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү. Тактап айтканда, мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эт бир пайызга көбүрөөк өндүрүлдү.

Эт өндүрүүнүн көбөйүшүнүн негизги себеби, малдын көбөйүшү менен байланыштуу, бирок чочко жана үй канаттууларынан тышкары.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2021-жылдын 1-январына карата республикада ири мүйүздүү малдын саны 35 миң башка көбөйүп, жалпы 1715,7 башты түзсө, кой жана эчкинин саны 11,9 миң башка көбөйүп, 6278,7 башты түздү жана жылкынын саны 17 миң башка көбөйүп, 539,6 миң башты түздү. Ал эми чочколордун саны 5,2 миң башка азайып, жалпы саны 29,4 миң башты түзсө, үй канаттуулардын саны 140,7 миң башка азайып, 6070,4 башты түздү.

Белгилей кетчү нерсе, 2021-жылдын январь айында республиканын бардык облустарында эт көбүрөөк өндүрүлгөн.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button