Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Ысык-Көл көлүн балык запастары менен балыктандыруу иштери кызуу жүрүүдө – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Ысык-Көл көлүн балык запастары менен балыктандыруу иштери кызуу жүрүүдө

2023-жылдын 28-мартында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаменти Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндөгү балык запастарын сактоо жана көбөйтүү максатында, Ысык-Көл көлүнүн балык уулоочу тилкелерин балык чабактары менен балыктандырууну улантууда.

  • Ысык-Көл көлүнүн 13-балык уулоо тилкесине (Тоң суусу) Ысык-Көл форелинин 185 мг. салмактагы 100 миң даана чабактары менен балыктандырылып;
  • Ак-Терек тилкесине (9-балык уулоочу участок) 50 миң даана форель балыгынын чабактары;
  • 40 миң даана Ысык-Көл форель балыгынын чабактары Түп дарыясына кое берилди.

Бир сутканын ичинде эле “Тоң балык өстүрүүчү заводу” МИ инкубациялык цехинен Ысык-Көлгө 190 000 (Ысык-Көл) форель-гегаркуни балыгынын чабактары чыгарылып, балыктандырылды.

Мындан тышкары, “Тоң балык өстүрүүчү заводу” МИ  инкубациялык цехинен Ысык-Көл көлүнүн №1 участогуна (Балыкчы ш.) 800 миң даана, №2 участогуна (Торуайгыр) 600 миң даана жашоого жарамдуу сиг-лудога балыгынын чабактары кое берилип. Жалпы 1 млн. 400 миң даана балык чабактары менен балыктандырылды.

Ысык-Көл көлүн балык запастары менен балыктандыруу боюнча иш-чаралар уланууда.

Show More
Back to top button