Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Республиканын базарларында күнөсканаларда өндүрүлгөн жашылчалар сатыла баштады – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Республиканын базарларында күнөсканаларда өндүрүлгөн жашылчалар сатыла баштады

Кооперация жана жаңы технологиялар сектору тарабынан 2020-жылдын 9 айлык жыйынтык маалыматы боюнча, күздүн келишине байланыштуу, республикада күнөсканаларда өстүрүлгөн жашылчалардын продукциялары базарларда сатыла баштады. Себеби, октябрь айында кескин аба ырайынын өзгөрүп, сууй баштагандыктан, базарларда ачык талаада өстүрүлгөн жашылчалардын түшүмү азайып, баа көтөрүлө баштады. Айрыкча, помидор, бадыраң, болгар калемпири жана баклажан жашылчалары Себеби алардын түшүмү талаалардан жыйналып бүтүп калды. Ал эми мөмөсү жер алдындагы жашылчалар (пияз, картошка, сабиз, түрп, кызыл кызылча ж.б), ошондой эле кечки капустанын түшүмүнө болгон баалар туруктуу кармалууда. Жогоруда белгилегендей күнөсканаларда өстүрүлгөн жашылчалардын түшүмдөрү өндүрүлүп чыгарылып сатыла баштады. Алардын баасы бир кыйла жогору болууда, себеби аны өстүрүү ачык талаадагы жашылчаларга салыштырмалуу бир топ чыгымды көп талап кылат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдагы “Айыл чарбасына жеңилдетилген насыя-8” долбоорунун негизинде күнөсканаларды өнүктүрүү максатында үстүбүздөгү жылдын 9 айынын ичинде “Айыл Банк” ААК тарабынан 21 долбоор жактырылып жалпы суммасы 11 млн 504 миң сомдук насыя берилген. Андан тышкары, ААК РСК Банк тарабынан 4 долбоор жактырылып 3 млн 760,0 миң сом акча каражатын берген. Ал эми Кыргыз-Орус өнүктүрүү Фонду тарабынан 70 тен ашык долбоор жактырылып 4,0 млн АКШ долларынан ашык суммада насыя берилген.

Натыйжада республика боюнча 2020-жылдын 1-октябрына карата 2574 даана ар түрдүү типтеги күнөсканалар курулуп ишке киргизилген жана алардын ээлеген аянты 182,4 гектарды түзүүдө.

Күнөсканаларды куруу иштери негизинен Баткен облусунда (359 даана), Жалал-Абад облусунда (847 даана), Ош облусунда (902 даана), Ысык-Көл облусунда (73 даана), Нарын облусунда (38 даана), Талас облусунда (10 даана) жана Чүй облусунда (345 даана) курулуп айыл чарба продукцияларын өндүрүп келишүүдө.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button