Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Суугат сууну көзөмөлгө алуу үчүн атайын лимиттер орнотулган – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Суугат сууну көзөмөлгө алуу үчүн атайын лимиттер орнотулган

Бүгүн, 11-июнда, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Мамлекеттик суу ресурстар агенттигинин орун басары Абдыбай Жайлообаев  “Спутник” маалымат агенттигинде түз эфирде өлкөдөгү сугат суусунун тартыштыгынан боюнча маалымат берип өттү.

“Сугат суу маселелерин алдын алуу максатында, үстубүздөгү жылдын июнь айларынын башында Мамлекеттик суу ресурстар агенттигинин өздүк штабы жана Чүй облусунун губернатору тарабынан атайын облустук штаб түзгөн. Бүгүнкү күндө облустук штабта райондук администрациянын башчылары, Суу чарба мекемелеринин жетекчилери жана райондук Ички иштер башкармалыгынын башчылары иш алып барууда. Себеби жергиликтүү дыйкандар өз билемдикке салып, сугат сууну буруп кетишүүдө. Биз атайын суугат сууну көзөмөлгө алуу үчүн эгин аянттарын тактап, атайын лимиттерди орноттук. Штаб мына ушул лимиттердин аткарылышын көзөмөлгө алууда”,-дейт Мамлекеттик суу ресурстар агенттигинин орун басары Абдыбай Жайлообаев.

“Ал эми суу тартыштыгы жөнүндө айта турган болсок, БЧКнын батыш тарабына атайын скважиналар орнотулганы менен алар учурда иштебей турат. Айрымдары айыл өкмөттөрдүн балансында болсо, кээ бири кимде экени да белгисиз. Бул скважиналардын ишин калыбына келтирүү негизги маселе, бирок, бул маселени биздин агенттик өз алдынча чече албайт. Себеби, биздин баланска кирген эмес”,- деди ал.

БЧК маселеси боюнча оңдоону талап кылган каналдар бар экендигин айтты.

“Сугат тутумдарын оңдоо үчүн мурдагы жылы 296 миллион сом каралган,  быйыл бул сумма 163 миллионго чейин кыскарды. Негизи сугат тутумдары нормалдуу иштөө үчүн 5 миллиард сом керектелет. Бирок, бюджет аны көтөрө албайт. Акырындык менен система деградацияга учурап жатат », – деп кошумчалады.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button