Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Министр Аскарбек Джаныбеков Кыргызстандын Кореядагы ыйгарым укуктуу элчиси Динара Кемелова менен жолукту – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Министр Аскарбек Джаныбеков Кыргызстандын Кореядагы ыйгарым укуктуу элчиси Динара Кемелова менен жолукту

2021-жылдын 1-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Джаныбеков Кыргызстандын Кореядагы ыйгарым укуктуу элчиси Динара Кемелова менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө, аймактарды сугат суу менен камсыз кылуу боюнча маселелерди талкуулашты. Ошондой эле, донорлор жана эл аралык уюмдардын каржылоосунда ишке ашырылып жаткан  долбоорлор жөнүндө сөз болду.

Министр Аскарбек Джаныбеков  өз сөзүндө, суу чарба тармагындагы иригациялык 4 обекти ишке ашыруу максатында инвестициялык жакатан каржылоо сунушун билдирди.

Кыргызстандын Кореядагы ыйгарым укуктуу элчиси Динара Кемелова министрлик тараптан берилген сунуштарды ишке ашырууга аракеттерди көрөрүн айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап айыл чарба багытындагы долбоорлорду биргеликте  ишке ашыруу менен тыгыз кызматашууга даяр экендигин билдиришти.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button