Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Бир жумада импорттун көлөмү 27 миң 831 тоннаны түздү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Бир жумада импорттун көлөмү 27 миң 831 тоннаны түздү

2023-жылдын 15-21 сентябрына карата карантинге алынуучу продукциянын импорту 27 миң 831 тоннаны түздү.

1. Чүй облусуна 24 миң 012 тонна айыл чарба продукциялар импорттолуп келген жана 155 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл акстысы жазылган. Бул аралыкта Чүй облусуна башка продукцияларга салыштырмалуу 4658 тонна дан эгиндери Россия, Казакстан, Пакистан өлкөлөрүнөн импорттолуп келген.

2. Нарын облусуна 1 миң 389 тонна айыл чарба продукциялары импорттолуп келген жана импорттолуп келген продукцияларга 54 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл актысы жазылган. Бул аралыкта Нарын облусуна 986,8 тонна жаңгак Кытай өлкөсүнөн импорттолуп келген.

3. Ош облусуна 1 миң 205 тонна айыл чарба продукциялар импорттолуп келген жана 442 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл актысы жазылган. Бул аралыкта Ош облусуна 208 тонна кургатылган жемиштер Россия, Кытайөлкөлөрүнөн импорттолуп келген.

4. Жалал-Абад облусуна 520 тонна айыл чарба продукциялар импорттолуп келген жана 10 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл акстысы жазылган. Башка продукцияларга салыштырмалуу125,5 тонна коон Өзбекстан өлкөсүнөн жана 135 тонна ун Казакстан өлкөлсүнөн импорттолуп келген.

5. Баткен облусуна 427 тонна айыл чарба продукциялар импорттолуп келген жана 25 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл акстысы жазылган. Башка продукцияларга салыштырмалуу 316 тонна жемиш, 59 тонна коон, дарбыз Өзбекстан өлкөсүнөн импорттолуп келген.

6. Талас облусуна 278 тонна айыл чарба продукциялары импорттолуп келген жана импорттолуп келген продукцияларга 6 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл актысы жазылган. Бул аралыкта Талас облусуна 200 тонна пияз,  30 тонна ун, 48 тонна коон Казакстан өлкөсүнөн импорттолуп келген.

Show More
Back to top button