Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Токой фондунун жерлеринде жайгашкан 43 балык чарбага текшерүү жүргүзүлдү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Важные новостиЖаңылыктар

Токой фондунун жерлеринде жайгашкан 43 балык чарбага текшерүү жүргүзүлдү

КРнын Айыл чарба министрлигинин 2023-жылдын 26-апрелиндеги №136 НИ буйругун аткаруу максатында жана Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата райондук прокуратурасынын катынын негизинде Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы Ивановка, Милянфан, Кең-Булуң айыл аймактарындагы токой фондусунун жерлеринде жайгашкан 43 балык чарбасын текшерди. Натыйжада КРнын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 239-беренесине ылайык, жерлерди пайдалануу эрежелерин, анын ичинде жерлерди пайдалануунун жаратылышты коргоо режиминин талаптарын бузгандыгы жана жогоруда аталган кодекстин 434-беренесине ылайык, ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, жазма буйруктарын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузгандыгы үчүн 239 500 сом айып пул салынды.                                 

Ал эми КРнын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы №25 “Жерлерди бузгандыгы үчүн зыяндын өлчөмүн эсепөөнүн тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык, жерлерди бузгандыгы үчүн зыяндын өлчөмү эсептелинип, жалпы 8 392 507 сом доо коюлду.                        

Жогорудагы коюлган доо жана айып пулдар өз убагында төлөнбөсө, укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

Учурда КРнын Айыл чарба министрлигинин 2023-жылдын 26-апрелиндеги №136 НИ буйругун аткаруу максатында Чүй облусунун Чүй районунун Чүй токой аңчылык чарбасынын Токмок токой бөлүмүндө ишмердик жүргүзгөн балык чарбалар текшерилүүдө.

Эскерте кетсек, республика боюнча 209 балык чарба КРнын Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаменти менен келишим түзүп, өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

Show More
Back to top button