Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
КР мөмө-жемиш ишканаларында тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу үчүн потенциалды жогорулатуу – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктарӨсүмдүктөрдүн карантини департаменти

КР мөмө-жемиш ишканаларында тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу үчүн потенциалды жогорулатуу

2022-жылдын 1-июнь күнү ФАОнун «Кыргыз Республикасынын мөмө-жемиш ишканаларында тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу үчүн потенциалды жогорулатуу» жана «Тамак-аш коопсуздугу тутумун жана эл аралык стандарттарды контролдоо жана башкаруу жаатындагы институционалдык потенциалды баалоо жана жакшыртуу» долбоорлорунун алкагында Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин директору Д. Б. Кенжебаев жана профилдик бөлүмдөрдүн башчылары жана ФАОнун төмөндөгү курамдагы миссиясы менен жолугушуу өткөрүлдү:

– Мэри Кени айым, тамак-аш коопсуздугу жана керектөөчүлөрдү коргоо боюнча аймактык адис;

– Гокче Акбалик айым, тамак-аш коопсуздугу боюнча консультант;

– Галина Лисенко айым, тамак-аш коопсуздугу боюнча эл аралык эксперт.

Жолугушуунун жүрүшүндө негизги өнөктөштөр менен негизги изилдөө маселелери, ошондой эле консультация берүү жана долбоорду ишке ашыруу боюнча кийинки кадамдарды макулдашуу талкууланды.

ФАОнун «Кыргыз Республикасынын мөмө-жемиш өнөр жайында тамак-аш азыктарынын коопсуздугун башкаруу үчүн потенциалды жогорулатуу» долбоору Стандарттарды жана сооданы өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланат. Долбоордун узактыгы: 2020-жылдын январы – 2022-жылдын декабры.

Долбоордун негизги өнөктөштөрү: жашылча-жемиш ишканаларынын ассоциациялары (43 ишкана), АЧМ, ССМ жана ЭКМ.

Долбоордун максаттары:

– Кыргыз мөмө-жемиш продукциясы үчүн ички рыноктун жана ЕАЭБ рыногунун үлүшүн көбөйтүү;

– өлкөдө коопсуз жана туура тамактанууну камсыз кылуу; ВТО жана ЕАЭБдин санитардык жана фитосанитардык талаптарына ылайык келүү үчүн «мөмө-жемиштер» чынжырында тамак-аш азыктарынын коопсуздугун башкаруу системасы боюнча мөмө-жемиш секторунун өндүрүүчүлөрүнүн, тренерлердин жана мамлекеттик мекемелердин техникалык мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу.

– эл аралык стандарттарга ылайык тобокелдиктерди баалоо боюнча консультацияларды, тренингдерди жана эксперттик кызматтарды көрсөтүү боюнча Кыргыз кызмат көрсөтүүчүлөрүнүн потенциалын жогорулатуу;

– Кыргызстанда мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү боюнча ишканаларда тобокелдиктерди баалоонун GAP жана HACCP системаларына негизделген сертификациялоонун негизинде текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча АЧМ, ССМ жана ЭКМнин техникалык потенциалын ЕАЭБдин ченемдик талаптарына ылайык келтирүү.

Show More
Back to top button