Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
“Сугаруунун заманбап ыкмаларын колдонуу менен кант кызылчасын интенсивдүү өстүрүү” темасында семинар өттү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

“Сугаруунун заманбап ыкмаларын колдонуу менен кант кызылчасын интенсивдүү өстүрүү” темасында семинар өттү

Бүгүн, 8-февралда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Айыл чарбасын механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаментинин менен биргеликте “Агро Эксперт Групп” компаниясы (poliv.kg) жана “Кайыңды-Кант”, “Кошой” кант заводдорунун катышуусу менен “Сугаруунун заманбап ыкмаларын колдонуу менен кант кызылчасын интенсивдүү өстүрүү” боюнча семинар өтүүдө.

Семинардын максаты – кант кызылчасын өндүрүү, үрөндүк материал, азыктык мүнөздөмөлөр жана жасалма сугаруу шартында өсүмдүктөрдү коргоо жаатындагы заманбап технологияларды сунуштоо.

Семинарда Айыл чарба техникасынын лизинги боюнча “Valley” (АКШ) компаниясынан сугат системасын түзүү, кант кызылчасын өндүрүүнүн экономикасы жана азыктандыруу системасы боюнча, Кыргызстандын кызылча кант тармагын өнүктүрүү жөнүндө баяндамалар сунушталды.

Акыркы жылдары Кыргызстанда кант кызылчасы боюнча өнөр жайын жандандыруу боюнча чоң иштер жасалды. 2016-жылдан тартып Кыргызстандын кызылча өндүрүүчүлөрү өз талааларында жыл сайын 450 миң тоннадан 780 миң тоннага чейин кант кызылчасын өстүрүшөт. Мындай көлөмдөгү түшүм “Кайыңды-Кант” ААК жана “Кошой” ААК заводдорунда 55-100 миң тонна кант кызылчасын өндүрүүгө мүмкүндүк берет.

Show More
Back to top button