Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кыргызстандын айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүү максатында өнөктөштөрдүн Координациялык кеңеши түзүлдү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кыргызстандын айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүү максатында өнөктөштөрдүн Координациялык кеңеши түзүлдү

2021-жылдын 26-майында, Кыргыз Республикасынын Айыл,  токой жана суу чарба министрлиги эл аралык уюмдардын, коомдук сектордун, фермерлердин жана ишкерлердин өкүлдөрү менен биргеликте айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн Координациялык кеңеши боюнча жыйыны өттү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча төрагасы Нурбек Алимбеков, БУУнун ФАОнун Кыргызстандагы өкүлү Аднан Куреши катышты.

Бул Кеңештин негизги милдети Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган пландардын жана иш-аракеттердин кызматташтыгын чыңдоо үчүн колдо болгон техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле макулдашылган саясатты жүргүзүү.

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Айыл, суу жана токой чарба министри Аскарбек Джаныбеков министрликтин алдыда коюлган негизги приоритеттери менен тааныштырды:

•Азык-түлүк коопсуздугу

• Органикалык айыл чарбасы

• Климаттын өзгөрүшүнө ылайыкташуу

• Кластерди өнүктүрүү

• Айыл чарбасын санариптештирүү

• Өндүрүлгөн продукцияларды жаңы базарларга алып чыгуу.

 “Бүгүнкү күндө биз өлкөнүн айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүүнүн жана экономикалык потенциалды кеңейтүүнүн бир нече артыкчылыктуу багыттарын аныктап жатабыз. Координациялык кеңеш катализатор жана талкуу аянтчасы болуп, айыл чарбасын санариптештирүүгө жана инновацияларды өнүктүрүүгө, жалпы агроөнөр жай комплексин туруктуу өнүктүрүүгө жардам берет », – деди Аскарбек Джаныбеков.

Талкуунун жүрүшүндө донордук түзүмдөрдүн жана элчиликтердин өкүлдөрү министрликтин демилгесин бир добуштан колдоп, кызматташууга даяр экендигин билдиришти. Жолугушуунун жыйынтыгында айыл чарба тармагында өнөктөштөрдүн Координациялык кеңеши түзүлдү. Кеңештин курамына улуттук өнөктөштөр (негизги мамлекеттик органдар), өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин элчиликтери, донорлор, эл аралык уюмдар) жана каржы институттары кирди.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button