Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Министр А. Джаныбеков сүт маселеси боюнча жыйын өткөрдү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Министр А. Джаныбеков сүт маселеси боюнча жыйын өткөрдү

Бир нече ички жана сырткы факторлордун таасиринин алдында жаз айларынан тарта сүттүн сатып алуу баасынын төмөндөп кетет. Бул сүттүн көлөмүнүн көбөйүшү менен сүттүн майлуулугу белгиленген базистик нормадан төмөндөшү, сырьенун курамындаантибиотиктин болушу, иштелип чыккан продукцияларды экспорттоодо экспортер мамлекеттердеги түзүлгөн кырдаалдар сыяктуу жүйөлүү себептерден улам келип чыгат.

Кыргыз Республикасынын “Азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги №242 “Социалдык жактан маанилүү товарларынын айрым түрлөрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынган соң, социалдык маанилүү товарлардын бааларын турукташтыруу жана негизсиз кымбаттатууга жол бербөө максатында ишти Монополияга каршы органы жүргүзүүгө укуктуу. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан биринчи муктаждыктагы социалдык маанилүү деп табылган товарлардын атайын тизмеси (перечень) бекитилип, аталган тизмеге чийки сүт кирбегендигин белгилей кетүү зарыл.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри А.С. Джаныбеков 2023-жылдын 5-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин агрардык комитетинин төрагасы А.Б. Кенжебаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлдөрү жана Чүй, Ысык-Көл, Талас облустарынын сүттү кайра иштетүүчү ишканаларынын өкүлдөрү, сүт даярдоочулар менен кеңешме өткөрдү.

Катышуучуларга сүттү сатып алуу баасынын төмөндөшү жана аны сатуу боюнча көйгөйлөр тууралуу өлкө аймактарынын фермерлеринин кайрылуулары тууралуу маалымдап, коңшу өлкөлөрдөгү сүттүн баасынын төмөндөшүнүн себептери жөнүндө айтты.

Сүттү кайра иштетүүчү компаниялардын өкүлдөрү даяр продукцияга баалардын түзүлүшү, сүттүн курамы, анын сапаты, сатуу көйгөйлөрү, экспорттоодо баалардын белгилениши, валюта курстарынын олку-солку болушу тууралуу жарыш сөзгө чыгышты.

Ошону менен бирге сүт даярдоочулар сүттү ташуу боюнча кызматтар эмнеден түзүлүп жатканын белгилешти. Күйүүчү майдын наркы, негизги каражаттардын амортизациясы, лабораториялык изилдөөлөргө кеткен чыгымдар жана башкалар белгиленди. Министр дүйнөлүк рынокто баалардын кымбаттаганын белгиледи.

Маалыматты угуп, пикир алмашып, сүттү кайра иштетүүчү ишканаларынын өкүлдөрүнөн, сүт даярдоочулардан, Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүү боюнча чечим кабыл алынды.

Жумушчу топ сүт наркын эсептеп жана аныктап, ошондой эле калктын сүт баасын төмөндөтүү үчүн жол бербөө үчүн сунуштарды берип, сүттү кайра иштетүүчү компаниялардын өкүлдөрү сүттүн баасын көтөргөндө чыгым тартаарын белгилешип, инвесторлордун каражатын колдонго компаниялардын да шарттарын туура түшүнүү, сүт чогултуучу субъектер эл менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү чечими кабыл алынды.

Show More
Back to top button