Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
2024-2028-жылдарга карата багбанчылыкты өнүктүрүүнүн программасы иштелип чыкты – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

2024-2028-жылдарга карата багбанчылыкты өнүктүрүүнүн программасы иштелип чыкты

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги республикада багбанчылыкты өнүктүрүүнүн 2024-2028-жылдарга карата программасынын (мындан ары-Программа) долбоорун иштеп чыкты жана коомдук талкууга сунуштайт. Программанын стратегиялык максаты калктын мөмө-жемиш продукциясынын жетиштүү көлөмүн камсыз кылуу, экспорттоо үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана ички жана тышкы рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу үчүн көп жылдык мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүүнү колдоо болуп саналат.

Өнүгүп келе жаткан алдыңкы технологияларды колдонуу менен интенсивдүү бакчалар келечектүү багыт катары айырмаланып турат. Мөмө-жемиш питомниктерин өнүктүрүүгө, соода-логистикалык борборлорду курууга, мөмө-жемиш продукциясын узак мөөнөттүү сактоо үчүн кампаларды жана муздаткычтарды курууга өзгөчө көңүл бурулат.

Программаны ишке ашырууда төмөнкүдөй негизги иштер аткарылат:

– мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн 14 көчөтканасын, анын ичинде донорлордун долбоордук каржылоосун пайдалануу менен түзүлө турган 5 мамлекеттик питомникти түзүү.

– багбанчылыкка адистешкен 25 кооперативтерди түзүү.

– багбанчылык максатында 42,9 миң га асылдуулугу төмөн жайыттарды беш жылдын ичинде өздөштүрүү.

– багбанчылык тармагында 14 кластерди түзүү.

– багбанчылык багыттары үчүн 1 млрд.900 млн. сом өлчөмүндө жеңилдетилген кредит берүү.

– багбанчылык тармагында 2 соода-логистикалык борборлордун курулушу.

Программа багбанчылыкты өнүктүрүүгө, асылдуулугу төмөн жайыттарды жана жерлерди натыйжалуу пайдаланууга, ресурстарды үнөмдөөчү заманбап технологияларды киргизүүгө багытталган, экономикалык өсүшкө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана республиканын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого шарт түзөт.

Долбоордун толук варианты http://koomtalkuu.gov.kg/ru/npa-view/3480 сайтында жеткиликтүү.

Байланыш маалыматы:

Дарек: Бишкек ш., Киев көч. 96а

Телефон: +996 (312) 66-47-46

Email: sadykg687@gmail.com

Show More
Back to top button