Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Б.Торобаев: “Кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү аркылуу ийгиликтерди жаратабыз” – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Б.Торобаев: “Кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү аркылуу ийгиликтерди жаратабыз”

2024-жылдын 13-апрелинде Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаевдин төрагалыгында, Кыргызстанда чоң жана кичи кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү менен дыйкан фермерлердин потенциалын көтөрүү жана финансылык социалдык абалын жакшыртуу максатында министрликке караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинде кеңейтилген көргөзмө семинар өттү.

Иш-чарага КР Президентинин 7 облусунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары, 40 райондук мамлекеттик администрациясынын орун басарлары,  “Айыл Банк”, “РСК Банк” жана Өнүктүрүү фонддорунун өкүлдөрү,  министрликке караштуу 40 Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын жетекчилери, жана дыйкан – фермерлер катышты.

Көргөзмө семинар кайра иштетүүчү ишканалар менен дыйкандардын байланышын бекемдөөгө, агрокластерди өнүктүрүүгө, дыйкандарга жана чакан ишканаларга ылайыкташтырылган технологияларды, бизнес моделдерди жана жабдуулардын иштөөсүн жайылтууга багытталган.

Бакыт Төрөбаев семинар-көргөзмөдө сүйлөгөн сөзүндө: “Кыргызстанда айыл чарба өндүрүшү майдаланып кеткендигине байланыштуу биз көлөм менен тышкы рынокторго атаандаштыкка чыга албай жатабыз, ал эми кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү менен биз ийгиликтерди жаратсак болот. Биздин өлкөдө өскөн продукциялардын даамы, сапаты менен тышкы рынокто суроо-талапка ээ, бирок кайра иштетүү 5% гана болгондуктан, кошумча наркы төмөнкү баада чийки сырье катары арзан баада кетип жатат. Мисалы: бизде өндүрүлгөн  Чүй, Нарындын эт, сүтү, Баткендин өрүгү, Таластын фасолу, Жалал-Абаддын пахтасы, жаңгагы, Ысык-Көлдүн карагаты, Аксы кара өрүгү, Оштун жашылча жемиши ушул продукцияларды кайра иштетүүнү өздөштүрүү менен кыйла жогорку баада  сатууга болот”, – деп белгиледи.

Натыйжада:  

  1. Сафлорду кайра иштетүүдө май чыгаруучу жана тоют даярдоочу жабдыктар көрсөтүлүп, кеңири маалымат берилди. Көрсөтүлгөн жабдуулардын орточо баасы 2000-3000 АКШ долларына барабар. Май чыгаруучу жабдуу, суткасына ысык басуу ыкмасы менен 2-2,5 тонна, ал эми муздак басуу ыкмасы менен 1,3 тонна май өндүрүлөт. Бул жабдууну орнотуу үчүн аянты 50 чарчы метрден кем эмес аянтча керектелет. Учурда өсүмдүк майы-туруктуу суроо-талаптагы жогору күнүмдүк керектелүүчү тамак-аш азыгы болуп саналат;
  2. Жүндү кайра иштетүү менен жүн жууркан (одеяло) тигүү цехи көрсөтүлдү. Бул жабдуулардын орточо баасы 5455 АКШ долларына барабар. Айылда мал кармаган карапайым жарандарга баасы эң ыңгайлуу, кирешелүү чакан өндүрүш болуп эсептелет;
  3. Мобилдик саан аппаратынын иштөө ыкмалары, уйга байытлыган тоют берүү жана ыңгайлуу шарт түзүү аркылуу сүтттүн сапатын, көлөмүн көбөйтүү боюнча кеңири түшүндүрмө айтылды;
  4. Терини кайра иштетүү багытында бодо малдын жана майда малдын терисин алуучу атайын автоматташтырылган машина көрсөтүлдү. Бул ыкманы колдонуунун натыйжасы теринин сапаты жогору болуп, кымбат бааланат. Машинанын орточо баасы: 160 000 сомго барабар.
  5. Гидропоника малга сарамжалдуу тоют даярдоонун ыкмасы көрсөтүлдү. Бул ыкманы колдонуу аркылуу фермер, аз аянттан мол түшүм ала алат. Натыйжада, малдын эт-сүтүнүн сапаты жогорулайт. Чыгым азаят. Суу үнөмдөлөт. Тоюттун наркы төмөндөйт. Эң негизги гидропоникалык жашыл тоютту өстүрүү тышкы шарттарга көз каранды болбойт;
  6. Мобилдик тоок фермасын заманбап жабдыктар менен куруу. Мобилдик тоок фермасынын заманбап жабдыктарында жогорку продуктивдүү жумурткалуу тоокторду өндүрүү менен жакшы пайда тапса болот. Контейнердин орточо баасы 4000 АКШ долларына барабар. Арендага алып иштетип, түшкөн пайда менен кутулуу мүмкүнчүлүгү бар;
  7. Өрүктү кайра иштетүүдө винттүү май пресс машинасы, конвекциялык кургатуучу шкаф, электрондук гигрометр, өрүктүн данегин өлчөөчү машина, өрүктүн данегин майдалоо үчүн машинасы, өсүмдүк майын тазалоо үчүн алкак чыпкасы көрсөтүлдү.

Мына ушул багытта айыл чарба тармагын көтөрүү үчүн кайра иштетүү өнөр жайына өзгөчө маани берүү зарылдыгы боюнча Бакыт Торобаев көргөзмө-семинарга катышкан министрликтин райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчыларына жана мамлекеттик тиешелүү кызматкерлердин баарына милдет-тапшырмаларды койду. Буга байланыштуу жыл жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүчтөрдүн мониторингинин негизинде сыйлана турган мыкты райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчыларын тандап алууну, эң төмөнкү натыйжаны көрсөткөндөрдүн ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугун кароо маселеси эскертилди.

Show More
Back to top button