Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Үч айда 191 миңден ашуун баш мал жандык каттоодон өттү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Үч айда 191 миңден ашуун баш мал жандык каттоодон өттү

2024 – жылдын I кварталында ЖИКС (Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасы) маалыматтык тутумунда 2 141,3 миң баш ири мүйүздүү мал, 2,3 миң баш чочко, 509,8 миң баш жылкы активдүү (тирүү) статусун түзөт. Анын ичинен 2024 – жылы республика боюнча төлдөрдү идентификациялоодо 181,3 миң баш ири мүйүздүү мал, 1,3 миң баш чочко, 8,9 миң баш жылкы идентификациядан өтүп, Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасына (мындан ары – ЖИКС) каттоого алынды.


Топтук идентификациялык номер ыйгаруу менен жаныбарларды идентификациялоо боюнча 55 үй канаттуулар чарбасында 142 үй канаттуулар фермасы, 1433 аары багуучу чарбада 94,1 миң аары бал челектер, 415 чарбада 1754 көлмөлөр идентификациядан өткөрүлүп, ЖИКС маалыматтык тутумуна киргизилди.

Show More
Back to top button