Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти ачык конкурс жарыялайт – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти ачык конкурс жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.

Башкы административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:

1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2.«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;

3.Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

4.«Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

5.«Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

6.«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

7.«Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

8.«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

9.«Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

10.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамалар;

Улук административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:

1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2.«Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3.«Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

4.«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

5.«Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

6.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамалар;

Кенже административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:

1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2.«Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамалар;

Билүүсү:

-мыйзамда каралган учурларда кызматкердин ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилди билүү.

-электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү.

-издөө системаларын колдонуу.

-ар кандай браузерлер менен иштөө.

-профессионалдык этиканын нормаларын эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүү.

-көчүрмө машиналар.

-принтер.

-проектор же интерактивдүү доска.

-факс.

1) Административдик кызмат орундарынын башкы топторуна квалификациялык талаптар:

1. Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим: агрономия багыттары боюнча “айыл чарба илимдери”, багбанчылык: биология багыттары боюнча “табигый илимдер” тармагында.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

-жалпысынан мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы же белгилүү бир кызматтын тармактык багытынын тиешелүү кесиптик чөйрөсүндө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

3. Кесиптик компетенциялар:

Билими:

-«Үрөндөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

-«Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

-«Кыргыз Республикасынын Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенцияга кошулуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик дотация жөнүндө» Мыйзамы;

-2021-жылдын 24-декабрындагы No 347 «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти жөнүндө» жобо;

2) Административдик кызмат орундарынын улук топторуна квалификациялык талаптар:

1. Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим: агрономия багыттары боюнча “айыл чарба илимдери”, багбанчылык: биология багыттары боюнча “табигый илимдер” тармагында.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы же тигил же бул кызматтын тиешелүү тармактык багытынын тиешелүү кесиптик чөйрөсүндө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3. Кесиптик компетенциялар:

Билими:

-«Үрөндөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

-«Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

-«Кыргыз Республикасынын Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенцияга кошулуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик дотация жөнүндө» Мыйзамы;

-2021-жылдын 24-декабрындагы №347 «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти жөнүндө» жобо;

3) Административдик кызмат орундарынын кенже топторуна квалификациялык талаптар: агрономия.

1. Кесиптик билиминин деңгээли:

– жогорку билим: агрономия багыттары боюнча “айыл чарба илимдери”, багбанчылык: биология багыттары боюнча “табигый илимдер” тармагында.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

-иш стажы жана тажрыйбасы талап кылынбайт.

3. Кесиптик компетенциялар:

Билими:

-«Үрөндөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик дотация жөнүндө» Мыйзамы;

-2021-жылдын 24-декабрындагы №347 «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти жөнүндө» жобо;

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

-жеке арыз;

-түстүү сүрөтү менен кадрларды эсепке алуу баракчасы (3х4);

-паспорттун көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын күбөлөндүргөн документтин түп нускасы сынакка катышууда, ошондой эле тестирлөө баскычында көрсөтүлөт).

-талап кылынган кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын ырастоочу документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү, нотариус же персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн же иштеген жеринен);

-өмүр баяны;

Документтер комплекти менен (скоросшивательге) толук берилиши керек. Толук эмес жана талаптарга жооп бербеген документтер жана маалыматтар кабыл алынбайт.

Документтер жарыяланган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментине тапшырылсын 720055, Бишкек ш., көч. Токтоналиева, 4а, (кадрлар бөлүмү). Тел. 0312-54-04-23.

Конкурска жарамдуу талапкерлер чакырылат.

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандар сынакка катышууга киргизилбейт.

Show More
Back to top button