Мамлекеттик токой фондусунун жерлеринде токой чарбасын натыйжалуу жүргүзүү, токойлуу аймактарда жана токой четинде же ага жакын жерлерде жашаган калктын социалдык турмуш деңгээлин жогорулатуу жана калкты токойлорду өстүрүү, сактоо, коргоо пайдалануу жана башкаруу иштерине тартуу максатында 2022-жылдын тогуз айында пайдаланууга 40 016 га жер аянты берилген, пайдалануудан түшкөн акча каражат 30 055,6 миң сомду түзөт.
Мамлекеттик токой фондусунун жерлерин жайытка пайдалануу
Мамлекеттик токой фондусунун жайыт катары пайдалануучу жерлери 883,2 миң гектар аянтты түзөт, 2022-жылдын тогуз айында 239 миң га аянты мал жаюуга пайдаланууга берилген. Жайыт жерлерди пайдалануудан 15 031,8 миң сом түшкөн.