Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги тарабынан айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн машина-трактордук паркын толуктоо, жаңылоо жана айыл чарба техникалары менен камсыздоо үчүн бир катар иш-чаралар аткарылып жатат. Дыйкандарга механизациялаштырылган кызматтарды өз убагында жана сапаттуу көрсөтүү, лизингдин өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 2011-жылдан тартып министрликтин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосунун негизинде «Айыл Банк» ачык акционердик коому аркылуу 7 лизинг долбоору түзүлүп, айыл чарба техникаларын жана жабдууларын лизингке берүү ишке ашып жатат.
ОАО “Айыл Банк” аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөргө лизингке дан эгиндерин оруп жыйноочу комбайндарды, ар түрдүү үлгүдөгү тракторлорду жана башка айыл чарба шаймандарын женилдетилген шарттарда жылдык үстөгү 6-9% менен 7 жылдан 10 жылга чейин лизингке берүүдө. Бүгүнкү күнгө карата бардыгы болуп 7 862,3 млн. сомго 4299 даана техника лизинг жолу аркылуу дыйкандарга берилди, ал эми 2021-жылы 1 677,3 млн. сомго 524 техника берилген.
Жогорудагы долбоорлордун бардыгына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен “Айыл Банк” ААКму оператор болуп дайындалган жана лизинг долбоорлору министрликтин көзөмөлү аркылуу ишке ашырылып жатат.
Айыл чарба техникаларын лизингке берүүнүн шарттары:
– лизинг мөөнөтү – 7(жети) – 10(он) жыл;
– үстөк пайызы – лизинг алуучунун өз салымынын өлчөмүнө жараша
жылдык 6(алты), 7(жети), 9(тогуз) пайызга барабар;
– лизинг алуучунун алгачкы өздүк салымы лизинг затынын – 10% дан кем эмес бөлүгүнө барабар;
– күрөө – эгерде лизинг алуучу тарабынан алгачкы өздүк салым катары лизинг затынын 20% же андан жогору бөлүгүн төлөгөн учурда күрөө катары лизинг предмети (техника) каралат, өздүк салым 20% кем төлөнсө кошумча күрөө катары айырмасына мүлк талап кылынат;
– техниканы камсыздандыруу лизинг алуучунун макулдугу менен ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт;
– лизинг операциялары сом менен жүргүзүлөт.