Кайра өндүрүү
Балык чабактарын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик балык чарба маанидеги суу сактагычтарга кое берүү.
2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында балык запастарын көбөйтүү жана сактоо максатында Кыргыз Республикасынын балык чарбалык маанидеги Ысык-Көл, Соң-Көл көлдөрүнө жана Орто-Токой, Базар-Коргон, Токтогул сыяктуу суу сактагычтарына сиг-лудога, пелядь, карп-сазан жана ысык-көл форели балыктарынын 20,7 млн. даана чабактары кое берилди. Балык чабактарын кое берүү иш-чаралары улантылууда, Токтогул, Ала-Арча суу сактагычын жана «Өзгөн балык чарбасы» мамлекеттик ишканасынын көлмөлөрүн балыктандыруу пландалууда.
Балыктандырылган көлмөлөр: -Ыссык-Көл, Сон-Көл көлү; -Орто-Токой, Базар-Коргон суу сактагычтары. | Сиг-лудога, пелядь, карп-сазан жана ысык-көл форелинин чабактары менен балыктандыруу (саны млн.) | % | |
2021-жылдын 6-айы | 2022-жылдын 6-айы | ||
Бардыгы: | 16,729 | 20,7 | 163,05 |
Балык өстүрүү (аквакультура)
2022-жылдын I-жарым жылдыгында Департамент менен келишимдик негизде иштеген Республиканын балык чарба көлмөлөрүндөгү юридикалык жана жеке балык чарба субъектилери тарабынан товардык балык өндүрүүнүн көлөмү 6837,5 тоннаны түздү.
Товардык балык өндүрүү (тонна менен) | 2021-жыл | 2022-жыл | (%) |
6-айы | 6-айы | 143,3 | |
Бардыгы: | 2810,5 | 6837,9 |
Балык жана балык продукцияларын экспорттоо
Жаныбарлардын түрлөрү жана продукциянын аталышы | Чен бирд. | 2020-жылдын 6-айы | 2021-жылдын 6-айы | (%) |
тн. | экспорт 1398,3 | экспорт 1604,3 | 114,7 |
Балык запастарын коргоо иш чаралары
Балык чарба департаментинин адистеритарабынан2022-жылдын 6-айына карата Ысык-Көл, Сон-Көл көлдөрүндө жана Орто-Токой, Токтогул суу сактагычында, Чүй облусунун көлмөлөрүндө браконьердик торлордон тазалоо боюнча төмөндөгүдөй иш чаралар жүргүзүлдү.
– жалпы рейддер 19;
– алынган мыйзамсыз балык уулоочу куралдар – 181 даана;
– балык кармоо эрежелерин бузгандыгы үчүн бюджетке чегерилген каражат – 76 603 сом;
– коюлган дооматтар – 43 430 сом.
Юридикалык жана жеке жактарга акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү
Балык чарбаларын уюштуруу үчүн көлмөлөргө паспорттор, балык өстүрүү биологиялык аныктама жана суу объектилеринин карта-схемалары иштелип чыккан:
Иш-чаралар | Саны (даана) | % | |
2020-жылдын 6 айы | 2021-жылдын 6 айы | ||
Балык чарба көлмөлөрүнө түзүлгөн паспорттору (көлмөлөргө,бассейндерге) | 61 | 54 | 88,5 |
Көлмө, бассейн, көл-товардык балык чарбаларын түзүү үчүн балык чарба биологиялык негиздеме (РБО) түзүлгөн | 61 | 54 | 88,5 |
Садоктук балык чарбасын түзүү үчүн схемалык карталарды жана РБОлорду түзүү | 2 | 7 | 250 |