Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, Баткен облусунун чек ара аймактарынын жашоочуларына көмөк көрсөтүү максатында “Кадастр” мамлекеттик мекемеси техникалык паспортторду жана мамлекеттик актыларды акысыз бере баштады.
Бүгүнкү күндө Баткен району боюнча 43 мамлекеттик акт жана 31 техникалык паспорт берилди. Лейлек району боюнча 181 мамлекеттик акт жана 153 техникалык паспорт берилген. Бул багытта тиешелүү иштер өз нугунда алып барылууда.