Бүгүнкү күндө “Кадастр” мамлекеттик мекемеси Бишкек шаарынын турак жай имараттарындагы өзү билемдик курулуштары бар участокторго 2 566 техникалык паспорт берди. Жалпысынан 6 979 арыз түшкөн, ал эми 6 031 кыймылсыз мүлк бирдиги изилденген.
Техпаспортторду 339 тургунга берүүдөн баш тартты. 3 022 техникалык паспорт даярдалган, алардын ичинен 2 миң 566 паспорт берилген.