ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

1000 тонна элиталык үрөн Кыргызстанга келди

Карабылык-20 жаздык буудайынын 1000 тонна элиталык үрөнүн тапшыруу аземи болуп өттү.  Ал 2021-жылдын 2-апрелинде Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун Кордай айылында өткөн Кыргыз-Казак Өкмөттөр аралык кеңешинин тогузунчу жыйынынын жүрүшүндө жетишилген макулдашуулардын алкагында  Кыргызстанга келди.

Үрөндөр ордунан облустарга бөлүнүп берилди.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри – А.С. Джаныбеков, Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси – Р.С. Жошыбаев жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасынын орун басары – Р.Т. Каракулов катышты.

Show More
Back to top button