Аксы жана Үч-Коргон токой чарбаларында кургатылган мөмө-жемиштерди, Токтогул токой чарбасында бал азыктарын кайра иштетүүчү, Каракол токой чарбасында токой үрөнүн кургатуу боюнча кичи-цехтердин курулушу жүрүп жатат. Кичи-цехтерди куруу токой азыктарына кирбеген сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууга, кошумча киреше булактарын түузүүгө багытталган.
Бул иш-чаралар Дүйнөлүк банк жана Глобалдык экологиялык фонду тарабынан каржыланган “Кыргыз Республикасындагы токой экосистемаларын интеграциялап башкаруу” долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик токой чарба агенттиги тарабынан жүргүзүлүүдө.
Тактап айтканда, Үч-Коргон токой чарбасындагы кичи-цех дары чөптөрдү жана мөмө-жемиштерди кайра иштетүүгө багытталган. Жыл сайын токой чарбасы 30 тоннадан ашык ит мурун чогултуп, керектүү шарттардын жоктугунан чийки зат катары сатылып жатат. Бул азык рынокто суроо-талапка ээ, ошондуктан көптөгөн дыйкандар ит мурун өстүрүү менен алектенишет. Ишке киргизилгенден кийин токой чарбасы гана эмес, жергиликтүү дыйкандар өстүргөн ит мурунду кайра иштетүү пландалууда. Алдын ала маалымат боюнча Халмион айыл өкмөтүндө эле орточо жылдык түшүм 400 тонна өрүк, 50 тонна алча, 400 тонна алма, 30 тонна ит мурун, 200 тонна шабдаалы, 200 тонна жүзүм алынат.
Негизинен кара өрүк өстүрүлгөн Аксы районунда да абал ушундай. Райондо кара өрүктүн жалпы аянты 1500 гектарды түзөт. Жылына 15-25 миң тоннага чейин кара өрүк өндүрүлүп, чийки зат катары сатылат. Кара өрүктү жергиликтүү калк тарабынан кургатуу көпчүлүк учурда тамак-аш өндүрүшүнүн стандарттарына жана талаптарына жооп бербей турган кол өнөрчүлүк цехтеринде жүргүзүлөт.
Токтогул токой чарбасында ички жана тышкы рынокко чыгаруу үчүн бал азыктарын кайра иштетүү жана таңгактоочу кичи-цех курулууда. Алдын ала маалыматтар боюнча райондо 1000ге жакын балчы бар, алар жылына орто эсеп менен 3-5 миң тоннага жакын бал өндүрүшөт. Бал негизинен чала фабрикат катары сатылат. Бал азыктарынын сапатын жана товардуулугун жогорулатуу үчүн продукцияны кайра иштетүү жана таңгактоо зарыл. Бул кичи- цех жергиликтүү калк тарабынан берилген балды кайра иштетүүгө дагы багытталат.
Каракол токой чарбасындагы Аксуу токойчулугунун питомнигинин базасында ийне жалбырактуу дарактардын үрөнүн кургатуу боюнча кичи-цех курулууда. Бул питомник бир гана Ак-Суу району үчүн эмес, бүтүндөй республика үчүн чоң мааниге ээ, анткени дал ушул жерде декоративдүү бак-дарактар Улуттук илимдер Академиясынын токой чарбасында өстүрүлүп, текшерилип, тандалып алынат. Ийне жалбырактуу жана башка дарактардын сыноодон өткөн, райондоштурулган сорттору токой экосистемаларын калыбына келтирүүдө, шаарларды жана айылдарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү үчүн колдонулат. Бул жерде декоративдүү бак-дарактардын 50дөн ашык түрү жана формасы өсөт. Мында энелик, мектеп жана себүү бөлүмү бар. Уруктар табигый өскөн жеринен чогултулат, бирок уруктарды кургатуу, кайра иштетүү жана сактоо үчүн шарттардын жоктугунан уруктардын өнүп чыгышы төмөн болгон.
Кичи цехтерди уюштуруу токой чарбасынын потенциалын натыйжалуу пайдаланууга гана эмес, атаандаштыкка жөндөмдүү жана импортту алмаштыруучу азыктарын өндүрүүгө салым кошууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле жергиликтүү калк үчүн жумуш орундары түзүлөт.