Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Өсүмдүктөдүн генетикалык ресурстарынын банкы (Генбанк) – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Өсүмдүктөдүн генетикалык ресурстарынын банкы (Генбанк)

Өсүмдүктөдүн генетикалык ресурстарынын банкы республикада өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн баалуу үлгүлөрүн, алардын жапайы түрлөрүн жана чет элдик дүйнө коллекциясынын мыкты үлгүлөрүн узак мөөнөткө сактоо максатында өзүнүн ишмердүүлүгүн 2010-жылдан тартып жүргүзүп келет.

Генбанк агробиотүрдүүлүктү сактоо боюнча иш алып барат. Негизги максаты – түшүмдүүлүктү жогорулатуу, ооруларга туруктуулугу, жаратылыштын абиотикалык жана биотикалык факторлоруна туруктуулугу менен селекционерлерге керектүү болгон генофондду сактоо. Андан тышкары, сейрек жана жоголуп кетүү коркунучунда турган өсүмдүк түрлөрүнүн генетикалык түрдүүлүгүн жоготуп алууга жол бербөө үчүн негизделген. Азыркы күндө коллекцияда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жана алардын жапайы түрлөрүнүн 2475 үлгүсү сакталууда.

Генбанктын коллекциясы жыл сайын айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жергиликтүү жана чет элдик селекцияларынын жаңы сорттору менен толукталып турат. Коллекцияны толуктоо максатында кыргыз, орус, түрк, украин, тажик, чех, корей жана герман селекциясынын жаңы сорттору алынды. Алынган үлгүлөр узак мөөнөткө сактоо үчүн Департаменттин мамлекеттик сорт сыноо бекетинде жана тилкелеринде көбөйтүлөт.

Жылыга Кыргыз Республикасынын аймагында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн эски сортторун жана алардын жапайы түрлөрүн чогултуу боюнча талаа экспедициялары өткөрүлөт. 2021-жылы Япониянын «Тамак-аш өндүрүү жана айыл чарбасын жүргүзүү максатында өсүмдүктөрүн генетикалык ресурстарын мүнөздөө жана баа берүү» долбоорунун алкагында маданий өсүмдүктөрдүн жапайы түрлөрүн жана жашылчалардын жергиликтүү фермердик сортторунун үрөндөрүн чогултуу боюнча Кыргыз Республикасынын түштүк аймагында экспедиция өткөрүлдү. Эспедициянын натыйжасында 136 үрөн үлгүсү чогултулду.

Show More
Back to top button