Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча борбору Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен биргеликте Германиянын эл аралык кызматташуу коомунун (GIZ) колдоосунун негизинде, ветеринардык дары-дармектерди көзөмөлдөө боюнча электрондук программа иштелип чыкты. Бул IT продукт инспекторлорго, жеке ветеринарларга жана фермерлерге малдын ыланын билүүгө, кандай ветеринардык препарат сайылганын, электрондук рецептер аркылуу дары-дармектердин сатылышын жана колдонулушун көзөлгө алат.
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин №147 буйругунун негизинде, 17-майда Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда программалык камсыздоону пилоттук негизде сыноо өткөрду.
Бул программалык камсыздоо ветеринардык дары-дармек каражаттарын көзөмөлдөө функциясын толугу менен ишке ашыруу үчүн иштелип жатат.